super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абадда митингчилер шайлап алган "элдик губернаторду" таңга маал белгисиз кишилер унаага салып кетишкен бойдон Медер Үсөновдун дайыны белгисиз

 
Медер Үсөновдун жубайы Махабат Апатаева
Жалал-Абад шаарындагы аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаеванын айтымында, Жалал-Абадда 31-май күнү облустук администрацияга бастырып киришкен митингчилердин "элдик губернатору" Медер Үсөновдун 2-июндун саат 12:00гө карата дайыны белгисиз бойдон калууда. Медер Үсөновдун жубайынын айтып бергенине караганда, бүгүн, 2-июнь күнү эртең менен саат 7лер чамасында кара бет кап жамынган кишилер жолдошу менен бара жаткан унааны токтотушкан. 
"Рулда өзүм болчумун, Медер артта отурган. Коюу жашыл түстөгү Жип автоунаасынан түшкөн жарандык кийимчен жигит жолдошумду унаадан түшүрүп алып кетти. Ал түшкөн машинанын ичинен автоматчан эки кишини да көрдүм. Бирөөсү мага келип, уюлдук телефонум менен унаанын ачкычын сурады. Бирок мен "бербейм" деп жооп бердим. Анын үстүнө, ар жактан Медер кыйкырып калды эле, алар шаардын борборун көздөй эмес, четине чыга айдап кетишти",- деп "элдик губернатордун" жубайы Махабат Апатаева кабарчыга окуянын чоо-жайын айтып берди. 
Учурда облустук администрациянын алдында 150дөй кишинин катышуусу менен каршылык акция уланууда. Митингчилерге Асан Шакиров жетекчилик кылууда жана алар эки сааттын ичинде Медер Үсөновду бийлик жана орган өкүлдөрүнөн таап келишин талап кылышууда. Эгерде, талаптары аткарылбаса, окуя чукул кырдаалга айланарын жана энелер ачкачылык жарыялашарын айтышууда.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: