super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: "Бардык бийлик бутактары элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биргеликте иштеш керек"

 

Бүгүн, 27-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков бардык бийлик бутактары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, тынчтык менен биримдикти бекемдөөгө, мыйзамдуулукка жооптуу экенин жана биргеликте иштөө зарылдыгын айтты.

"Алмазбек Шаршенович Атамбаев ден соолугун жана күчүн аябай өлкөдө туруктуулукту орнотту. Тиешелүү мыйзамдар базасы түзүлдү, биз, ар бирибиз өз милдеттерибизди так аткарышыбыз гана керек. Биздин милдетибиз Кыргыз Республикасын өнүктүрүү, экономиканы өстүрүү, улуттук кызыкчылыктарды коргоо. Бардык бийлик бутактарындагы коррупция менен күрөшүүгө күчтү жумшоо", - деди президент.

Мындан тышкары ал жакын арада ар бир бийлик бутагынын башчысы менен жолугушууларды өткөрө турганын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: