super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Ысык-Көлдүн Өнүктүрүү фондун эми эл көзөмөлдөйт

 

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 1-июнда Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуунун жүрүшүндө бир апта ичинде дубандын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү боюнча биринчи кезектеги чаралардын планы иштелип чыгары белгилүү болду. Аталган план милдеттүү түрдө облустун жашоочулары менен макулдашылат жана планды каржылоо Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашат. Кошумчалай кетсек, премьер-министр белгилегендей, облусту Өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы кайрадан каралмакчы. 

«Фонддун акчаларынын кайда жумшалышын эми эл көзөмөлдөйт. Учурда "Кумтөр"  ишканасынын кызматкерлеринин  95 пайызы Кыргызстандын жарандары. Бул көрсөткүчтү акырындык менен 99 пайызга көтөрүү мүмкүн. Биз азыркы тапта талаш маселелер боюнча «Centerra Gold Inc.» компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ал маселелер Кыргызстандын пайдасына чечилет деп ишенем. Бул үчүн убакыт гана бергиле. 3 айдын ичинде бул маселени чечүү мүмкүн эмес», - деди Ж.Сатыбалдиев.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: