super.kg logo

Учурда Орусиядагы "кара тизмеде" 92 миң Кыргыз жараны бар

 

Учурда Орусиядагы "кара тизмеде" 92 миң Кыргыз жараны бар. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин отурумунда Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.

"Кара тизмеге" кирген Кыргыз жарандарынын саны 180 миң болчу. Акыркы үч жылда бул сан эки эсе кыскарды. Орусияда 670 миң Кыргыз жараны жүрөт. Жеңил эреже бузууга барган жарандарды "кара тизмеден" чыгаруу маселесин ЕАЭБдин алкагында чечүү маселесин койгонбуз. Учурда бул маселе каралып жатат", - деди Айдаралиев.

Ал мигранттарды маалымат менен камсыздоо аракети жүрүп жатканын кошумчалады.

"Быйыл "мигранттарга маалымдама" деген долбоор ишке ашты. Чек ара постунда, "Манас"-Ош аэропортторунда атайын маалыматтык бурчтар уюштурулган. 20 миң маалымат кат чыгарып тараттык. Мындай маалымат каттарды, эскертмелерди жылына 150 миңге чейин чыгарууну пландаганбыз. Аэропортто биздин кызматкерлер өздөрү таратып жатышат", - деди Айдаралиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
27.11.2017. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Анын 90 мини кайра барышса керек паспортторун алмаштырышып
27.11.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Же кыйратып бакпайсынар, же жолун ачып бере албайсынар... колунардан бир жардам келеби эл учун?
27.11.2017. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чёрный списоктон кантип текшерсе болот экен канчасына чейин экенин ким билет?
27.11.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кара тизмени текшеруу ссылкасын жиберип койгулачы сураныч.
27.11.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара тизмеден чыгарып департ кылтат эч кандай озгоруу жок .
27.11.2017. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алдай берет кече эле орус маалымат булактарында айтылды 180миңден ашуун кыргыз жарандары кара тизмеде экен 1000000 ашуун адам орусия аймагында жүрөт экен
27.11.2017. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhumali, бугун айттыго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: