super.kg logo

Феликс Кулов: "Ельцин Акаевдин башын кашык менен ургулаган эмес"

 

"Борис Ельцин Аскар Акаевдин башын кашык менен ургулаган эмес". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, коомдо чын-калпы белгисиз айтылып жүргөн окуя Ысык-Көлдө 1990-жылдарынын башында болгон. "Ал кезде мен ички иштер министри болчумун. Кечки банкет учурунда комуздун күүсү жаңырып башталганда, Ельцин ордунан тура калып, эки кашыкты кармап, обонго ылайык ургулап кирди. Башында ал өзүнүн тизелерин, андан соң столду, кийин башка буюмдарды... Ошол эле учурда жанында отурган адамдардын баштарын көздөй да кашык менен шилтеп жиберди. Сол жагында отурган Акаев жана оң жагында отурган дагы башка адам башын эңкейте калышкан, ошон үчүн кашык алардын баштарына тийген эмес. Ельцин Акаевдин башын кашык менен ургулабаганын өз көзүм менен көргөм.

Ушул сыяктуу эле окуя Ташкенттеги кечеде да болгон. Обон жаңырып баштаганда, Ельцин кашыктарды колуна алганда, жанында отурган Каримов менен Назарбаев дароо андан коопсуз аралыкка жылышкан. Ельциндин мындай адатын бүт дүйнө билет, бирок ал эч качан эч кимдин башына кашык менен ойногон эмес. Ошондуктан "биз көз карандысыз болуп, эми эч кимге башыбызды кашык менен ургулоого жол бербейбиз" деп кооздоп сүйлөө туура эмес", - деп эсептейт Кулов.

Ал эми Грузиянын экс-премьер-министри Тенгиз Сигуа Ф.Кулов айткан Ташкенттеги окуя тууралуу башкача пикирде. "1992-жылдын май айы. Ташкентте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин саммити аяктап, ресторанда кече уюштурулган. Ортодо Орусиянын башчысы отурган. Эки жагынан Назарбаев жана Каримов жай алышкан. Ельцин көп ичип жатканын байкагам. Бий башталганда ал ордунан турду да, жыгач кашыктарды алып президенттердин башын ургулаган. Жанындагы биринин да, экинчисинин да. Бул жагында Каримов, экинчи тарабында Назарбаев. Муну баары көрүп нес болуп калышкан. Назарбаев тура калып орус тилинде катуу урушкан. Ельцинди уруп салбасын деп мен аны кармап калгам", - деп Сигуа орус басылмаларынын бирине берген маегинде айтып берген.

Эске салсак, быйылкы жылы Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышып, баяндаманын соңун Кыргызда өтүүчү президенттик шайлоого карата кайрылуу жасоого арнаган. "... Бир аз күндөн кийин кыргыздар өз ажосун шайлайт. Кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейли! Кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун! Кайрадан элдин байлыгы бекер сатылып, жерибиз белек катары берилип, карапайым калк кор болбосун! Алданбагыла акчага! Алданбагыла бал сөзгө! Алданбагыла алдамчы көзгө!" - деген Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
27.11.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аша не в тему суйлоп коюптур как обычно
27.11.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
"Бала, баланын иши чала" демекчи, "Аша, Ашанын кылган иши да, суйлогон созу да каша"!!!

Биринчиден Атамбаев озу Путиндин астында бужуроп журот, шайлоо астында "мураскер маселесинде" Сочиге барып Путинге учурап кайтканын бут басылмалар жазып чыгышты... (Мындайда Назарбаевге окшоп Путинге эч ким асылбады)...

Экинчиден БУУнун ассамблеясы Атамбаевдмн шайлоо боюнча кыргыз элине адатынча сандырак создорун суйлой турган трибуна эмес болуучу....
27.11.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Учунчудон "алданбагыла акчага" деп коюп шайлоодо Жээнбеков экоо 1000-2000 сомдон акча таратып журду го, калп беле?!!

Кыскасы Атамбаев суйлой берет, кербен журо берет......
27.11.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мен дагы Атамбаевдин батыраак айыгып кетишин каалайм. Ал ойду-тоону суйлоп, нерв жактан оорукчан болуп калды деп уктум.
27.11.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Snejana, убагында Акаев менен Бакиев Арамбаевдин башына кашык менен ургулап, жангак чагып журбоду бекен, кызык.....
27.11.2017. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чын эле акчага алданбагыла деп кайсы бети менен айтты дейм да. Акчаны Соке таратты го.
27.11.2017. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошол Ельцин бүгүн Путиндин ордунда болгондо Атамбайды андан да жаман кылып башына чыны коюп кашык менен атып ойномок.
27.11.2017. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аша кайсыл аарына баатыр наамын алды? олконун кашасын чыгарганы учунбу же?.
27.11.2017. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
GENTLEMEN,жакшы обондорду жаратканы учун.
27.11.2017. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ашаке "XXXX баатыр" сыйлыгыныз кут болсун!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-11-28 09:23:12
28.11.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куловдуда туштон кийин тантыратбай камаш керек болчу. Аскердик техникалардын жоголушуна ушул куноолуу дейтко эл ичинде.
28.11.2017. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жешиңерче жеп бүттүңөр,бергилечи жаштарга себеби жаштар өскөн эгемендүүү кыргызстанда.билишет жана түшүнүшөт деген ойдомун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: