Лионель Месси "Барселона" футбол клубу менен келишимди узартты

Испандык "Барселона" футбол клубунун жылдызы Лионель Месси клуб менен келишимин узартты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаңы келишим 2021-жылга чейин түзүлгөн. Анын негизинде Лионель Мессини келишим бүткөнчө сатып алуу 700 миллион еврого бааланган.
Буга чейин "Барселона" клубу аргентиналык футболчу менен мөөнөтсүз келишим түзүүгө даяр турганын билдирген.
Маалымдай кетсек, Месси "Барселона" клубунда 2004-жылдан баштап ойноп келүүдө. Азыркы убакытка чейин жалпы 602 беттешке катышып, 523 гол киргизген.
Эске салсак, 2017-жылдын жайкы трансферлер убагында "ПСЖ" футболдук клубу "Барселона" клубунун оюнчусу Неймарды келишими бүткөнчө 222 миллион еврого сатып алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Kojosh80

27.11.2017. 17:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түндүк түштүктүн жолуна жете турган акча го
FCBMESSI

27.11.2017. 19:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эн кымбат чабуулчу Месси
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.