Боинг-747 учагы кыйраган Дача-СУга эстелик тургузулууда
2017-жылдын 16-январында Боинг-747 учагы кыйраган Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагында эстелик тургузулууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Сокулук районунун акими Болот Саткеев билдирди.
Анын айтымында, эстеликтин курулушуна муниципалдык жана мамлекеттик ишканалардын тиешеси жок. Эстеликти жабыр тарткандар өздөрүнүн каражатына тургузууда. Жер тилкеси дачанын башкармалыгынан бөлүнүп, учурда жерди түздөө иштери жүрүүдө.
Эске салсак, Боинг-747 учагы 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына кыйрап, 39 адам каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-07-16
9:20
2025-07-16

22:57
2025-07-15

Рейтинг:
2

http://www.super.kg/kabar/news/190149/
http://www.super.kg/kabar/news/209161/
http://www.super.kg/kabar/news/190705/
http://www.super.kg/kabar/news/185455/
Азыр Соке бийликте болгону учун бул иш чан басып жатат, бийлик алмашса айтылат кандуу жуктун чыныгы ээси....