super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Муратбек Шайымкуловду өзүнө кеңешчи кылып дайындады (өмүр баяны)

 

Муратбек Шайымкулов президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Муратбек Шайымкулов Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.

Шайымкулов Муратбек Ормонович:

1960-жылы 4-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында туулган. Жогорку билимдүү.

1983-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин аяктаган.
1994-жылы АКШнын борбору Вашингтондогу Экономикалык өнүктүрүү институтунда рынок экономикасынын негиздери, математикалык колдонмолор багыты боюнча билимин арттырган.
Физика-математика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолу:

1983-1986-жылдары: Москва мамлекеттик университетинде аспирант.
1994-1998-жылдары: “Дастан” Технологиялык университетинде биринчи проректор.
1998-2000-жылдары: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде башкы адис, департаментте директордун орун басары, директордун милдетин аткаруучу.
2000-2005-жылдары: Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси.
2005-жылы: Жогорку Кеңештин аппаратында бюджет жана финансы комитетинде эксперт.
2007-2009-жылдары: Президенттик администрациядагы экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүндө финансылык саясат секторунун эксперти, сектор башчысы.
2009-жылы: Президенттик администрациянын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмү, экономикалык саясат боюнча сектор башчысы.
2009-2010-жылдары: Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин аймактарды өнүктүрүү кызматынын башчысы.

2010-2012-жылдары: Экономикалык анализдөө жана божомолдоо институтунун директору.
2012-2016-жылдары: Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси.
2016-2017-жылдары: Өкмөттүн аппараты, премьер-министрдин кеңешчиси.
Мамлекеттик кызматтын биринчи класстагы кеңешчиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: