ЭЛДИК ВИДЕО: Жолбун ит кызды тоноочудан куткарды
Медиа-порталдын “Элдик видео” бөлүмүнө “Жолбун ит кызды тоноочудан куткарды” деген видео жүктөлдү (ник: Aki-meki)
Видео интернет айдыңына кечээ, 26-ноябрда жүктөлгөн. Видеокөзөмөлдөөчү камерага тартылып калган кыска тасманын таржымалына токтолсок, окуя Черногориянын борбору Подгорица шаарында орун алган. Көчөдө кетип бараткан айымга артынан тоноо үчүн акмалап келаткан жигит жетип барып, колунан баштыгын жулуп качарда жолдо отурган жолбун ит арачага түшкөн. Жыйынтыгында каракчы олжосуз калып, өзү иттен качып кутулууга мажбур болгон. Видеону көргүңүз келсе бул жакты басыңыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

А бизде ушундай болсо карап отуп кетет же видеого тартканга шашат.