super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-НОЯБРЬ: Бүгүн SUPER.KG порталынын туулган күнү

 
SUPER.KG порталынын 10 жылдыгы эстрада ырчыларынын катышуусунда жогорку деңгээлде өткөн. Концерттен көрүнүш.
Порталдын 10 жылдыгына карата "Тамашоудо" SUPER.KG`нин кубогу ойнотулган. Анда "Мыкты оюнчу" наамын алган "Универсал" командасынын оюнчусу Калыбек Турдубаев Бали аралына жолдомо алып, экзотикалык аралга барып келген.
"Супер ТВ" бөлүмү маданият жана шоу-бизнес, тагдыр, коомдо болуп жаткан саясий окуяларды чагылдыруу менен таасирдүү күчкө айлана алды. Алсак Үч баласы менен көчөдө калган Айжамал Мамырованын тагдырын SUPER.KG чагылдыргандан кийин ал үйлүү болду.
"ЭЛДИК КАБАРга" Кочкор районундагы Мадияр жайлоосунан жергиликтүү чабандар тарабынан мадыл жандыгы кармалганы маалымдалган. Сейрек кездешүүчү жандык тууралуу жаңылык порталыбыздан орун алган соң чоң талкуу жаратты. Окуянын өнүгүшүндө SUPER.KG порталы чоң роль ойноду. НАБУ уюмунун кызматкерлери мадылды Бишкекке алып келишкен.
Сергек жашоого үндөгөн SUPER.KG порталынын Оштогу форумчулары Бишкектеги "суперстандыктарга" футболдук мелдеш өткөрүшкөн.
SUPER.KG чет өлкөдө жүргөн мекендештердин ынтымагын бекемдегенге көпүрө боло алдын. Порталдын колдонуучулары бул жерден дос таап, үй-бүлөлүк турмушка аттангандар да болду. Суперстандыктар майрам сайын жолугушуу өткөрүп келишет.

SUPER.KG порталы 12 жашта! Сиздин ишенимдүү маалымат-маанайшат портал 2005-жылы 28-ноябрда каттоодон өткөн. Бул жөн эле дата эмес келечеги кең, ийгиликтүү порталга айланып, окурмандарга жагымдуу кабар, музыка, кызыктуу тасмаларды тартуулоочу булактын башталышы. 12 жылда кыргыз тилдүү сайттардын сап башына чыга алган портал азыркы учурда күнү-түнү окурмандардын кызыкчылыгы үчүн иштеп келет.

2006-жылы 28-мартта SUPER.KG порталы иштеп баштады. Алгач анда "Супер-Инфо" гезитинин электрондук версиясы жайгаштырылчу. Чет жерде жашап, окуп, гезит сатып ала албаган Кыргыз жарандарына бул көктөн издегени жерден табылгандай болгон.

Ошол жылдын 29-декабрында сайтта "Суперстан" иштей баштаган. Кыргыз тилиндеги форум жаштардын ой бөлүшүүсүн шарттап, чет жерде жашаган Кыргыз жарандарынын өз ара алакасын камсыздады.

Эки жылдан кийин "Медиа-портал" ишке кирген. Ошол эле жылы "Супер ТВ" бөлүмү иштеп баштаган.

Андан соң портал "Элдик видео" жана "Жылнаама" менен толукталды.

Маалыматтын казаны кайнап, күч алган кезде 2012-жылы 24-октябрда "Соңку кабар" бөлүмү ишке кирип, алгачкы кабар жазылды. Бул бөлүмгө Кыргыз жеринде жана чет жерде катталган актуалдуу, кызыктуу жаңылыктар жайгаштырылат. Журналисттерибиз өнөр ээлери менен спортчулар, коомдогу жана саясий чөйрөдөгү актуалдуу окуялар, үрөй учурган кылмыштар тууралуу жаңылыктарды жазып, сунушташат.

2014-жылы 2-майда портал "Кинозал" бөлүмүн ишке киргизип, кино сүйүүчүлөрүнүн күнү тууду. Жарык көргөн кыргыз тасмалар порталга жүктөлүп, колдонуучулар үй кинотеатрына ээ болгондой эле болушту. Бул бөлүм үй кожойкелеринин, кары-жаштын ынак досуна айланды.

2014-жыл. 2-декабрь. Портал бир учурда сайтка киргендердин саны боюнча жеке рекордун жаңылап, 15 мүнөт ичинде сайтка 35 710 колдонуучу баш бакты.

Бүгүнкү күндө SUPER.KG порталы элдин үнүн бийликке, бийлик үнүн элге жеткирген көпүрө болуп калды. Катталгандардын саны 2014-жылы 40 миңден ашса, бүгүнкү күндө 80 миңден ашат. Бир айда сайтыбызга 32 миллиондон ашуун кароо болот. Бул профессионалдардан турган команданын гана эмес, кыргыз тилдүү элибиздин жетишкендиги деп эсептөөгө болот.

Өнүгүү жолундагы порталдын ишке кириши, ийгиликтери, 12 жыл аралыгындагы урунттуу учурлары тууралуу шилтемеден окуй аласыздар.

28-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
28.11.2017. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктайм!!! Ар дайым элибизге жагымдуу жаңылыктарды элге жеткизип жүрө бергиле. Ишиңерге ийгилик жалпы жамаатка ден соолук каалайм.
Nurmat92 түзөттү 2017-11-28 09:06:27
28.11.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurmat92, бугун менин дагы туулган кунум. Туулган кун кутболсун
28.11.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул гезитти ачкан урматту Кылычбек Султановго данк
28.11.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутуктайм Super.kg порталы!
28.11.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана соонун гезит э 1кун кирбей калсам баш ооруйт
28.11.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган күнүңөр болсо дем албадыңарбы...
Куттуктай!!!
28.11.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтсам 20сом бирдик салып шаша буша эмне жанылык болду экен дер super.kg ге шашылам.Туулган кун кут болсун Суперсинер жумуш жамааты ,ийгилик!
28.11.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунун менен СУПЕР KG.)))!!!!сен менин ишенген маалымат булагымсын...мен сени жакшы кором!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: