Жалал-Абад. Өзүн "элдик губернатор" деп жарыялаган Медер Үсөновдун дайыны Бишкектен билингендиги айтылды
Бүгүн, 2-июнда таңга маал белгисиз бирөөлөрдүн коштоосунда дайынсыз кеткен Медер Үсөнов тууралуу маалымат пайда болду. "Медер Үсөновду Жалал-Абаддагы аэропортко алып кетишип, андан ары Бишкектеги Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына алып барып камап коюшуптур",- деп митингчилердин учурдагы башчысы Асан Шакиров айтты.
Автор: Гүлжан Эшбаева
Учурда митинг ар кандай чакырыктар менен уланууда. Кечки саат 17де нааразычылык акциясынын багыты курчуй турганын айтып жатышат. "Эгерде Медер Үсөнов менен камактагы депутаттар тууралуу бийликтегилер оңдуу пикир билдиришпесе, шаардагы УКМКнын мекемесине карай жол тартабыз" дешүүдө. Азыркы учурда обладминистрациянын алдында 700гө чукул адам бар жана мекеменин ичинде 30 чакты энелер отурушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

