Чубак Жалилов: "Экинчи аял алганым чын, байбичем менен ажырашкан жокмун, ал бир аз капа болуп жатат"
Диний ишмер Чубак Жалилов элден келген суроолорго жооп берип жатып, экинчи аял алганын айтты. Бул маалыматты SUPER.KG порталына да тастыктады. Ал "Сизди экинчи аял алды деп уктук, ошол чынбы?" деген суроого төмөндөгүдөй жооп узаткан.
"Ооба, үйлөнгөнүм чын. Бирок байбичем менен ажырашкан жокмун, ал бир аз капа болуп жатат. Эми анын капа болгонго, кызганганга укугу бар. Экинчи аялым Түркияда бала багып иштеп жүргөн, күйөөсү өтүп кетип жесир калган 30 жаштагы келин.
Мен кыздарды Кытайга, Түркияга, Орусияга жибербегиле деп айтып келем. Үйлөнгөнгө ниетим жок эле, бирок мен өзүм элге үлгү болуп берейин дедим. Мен баштабасам, анда ким баштап берет? Колунан келген эркектерге үйлөнсүн деп айтам. Кээ бир учурда биринчи аялдар капа болуп, мени бага албай жатасың дешет. Ырыскы эки адамга да жетет. Биздин кыздарыбыз талаалап жүрөт, ошолорду көргөндө намыстанабыз. Кыздарыбыз кор болбогон жер калган жок. Ошондуктан күйөөңөр экинчи аял алганга жарай турган болуп колунан келсе, бир аз кызгангыла, ыйлагыла, бирок көчөгө чыгып жиндилик кылбагыла. Бардыгы ордуна келет, бул биздин элибиздин салтында бар.
Эч кимге жашырган жерим жок, ата-энесинин алдына барып, урматын алып кеттик. Анткени элибизде "калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт" деген сөз бар", - дейт Чубак Жалилов.
Айта кетсек, Чубак Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргыздын Азирети муфтийи кызматын аркалаган. Учурда ал Аалымдар кеңешинин мүчөсү. Биринчи аялы экөөнүн ортосунда эки кыз, үч уулу бар.
Чубак Жалилов 2-аял алганы тууралуу түшүндүрмө берди


Оа куйоого тийип алган айымдар учун катуу тийет,бирок 40-60% пайыз эркектердин ойношу же жашыруун никеси бар десе болот...ананда ал жашыруун никедегилер ташталып калганын билгенде,законду турдо компен-я алалбай балдарын жалгыз багып жургондору канча...!
Ананда бул бардык эле эркектерге айтып жаткан жери жок...
Биз кимбиз...?
Биз кимбиз озу...?
20-30-40 жыл мурда жарым карыш сыртка таштап салса,бир пайдасыз алсыз, суртуп койсо тазаланып калган суюктук элекго
Ананда Жараткандын окумдоруно каршы чыгып,оз талаптарыбызды талашабыз.
Кичине бироого асылбай,озубузду актабай башканы урматтабасакта, жараткандан улук суйлобой эле койолу туугандар
Эркек алгысы келсе алат алгысы келбесе Чубак ажы какшасада албайт
Жиним келип олтурам,... Эркектер 2чи аялынын жанында болгондо 1-аялы канчалык кыйналганын билишеби? Ушунча тазалыгын, аруулугун ишенип ошого арнаса ал бир кун келип башына таш мн чапкандай жанылык айтса! Макул аялы ыразычылыгын берсин, бирок ал сыртынан билгизбегени мн ичинен канчалык эзилип Озун озу Жок кылганын алар сезбейт да. 2син алып ага жардам бертам деп ойлошот а бирок 1-син соолутуп жатканы мн иши Жок! Оздорун 1-аялынын ордуна коюп корсо болмок! Ушулар да эреке
Экинчисин кыялга жөлөйсүңбү?
Бир аялдын ызалуу ыйы менен,
Экинчисин бакытка бөлөйсүңбү?
Бир аялга төшөлүп килем болуп,
Экинчисин тозокко жагасыңбы?
Бир аялга жемиштүү үрөн болуп,
Экинчисин жаңгактай чагасыңбы?
озунор деле жакшы билесинер аялдарга куйоо да керек экенин.