super.kg logo

Чубак Жалилов: "Экинчи аял алганым чын, байбичем менен ажырашкан жокмун, ал бир аз капа болуп жатат"

 

Диний ишмер Чубак Жалилов элден келген суроолорго жооп берип жатып, экинчи аял алганын айтты. Бул маалыматты SUPER.KG порталына да тастыктады. Ал "Сизди экинчи аял алды деп уктук, ошол чынбы?" деген суроого төмөндөгүдөй жооп узаткан.

"Ооба, үйлөнгөнүм чын. Бирок байбичем менен ажырашкан жокмун, ал бир аз капа болуп жатат. Эми анын капа болгонго, кызганганга укугу бар. Экинчи аялым Түркияда бала багып иштеп жүргөн, күйөөсү өтүп кетип жесир калган 30 жаштагы келин.

Мен кыздарды Кытайга, Түркияга, Орусияга жибербегиле деп айтып келем. Үйлөнгөнгө ниетим жок эле, бирок мен өзүм элге үлгү болуп берейин дедим. Мен баштабасам, анда ким баштап берет? Колунан келген эркектерге үйлөнсүн деп айтам. Кээ бир учурда биринчи аялдар капа болуп, мени бага албай жатасың дешет. Ырыскы эки адамга да жетет. Биздин кыздарыбыз талаалап жүрөт, ошолорду көргөндө намыстанабыз. Кыздарыбыз кор болбогон жер калган жок. Ошондуктан күйөөңөр экинчи аял алганга жарай турган болуп колунан келсе, бир аз кызгангыла, ыйлагыла, бирок көчөгө чыгып жиндилик кылбагыла. Бардыгы ордуна келет, бул биздин элибиздин салтында бар.

Эч кимге жашырган жерим жок, ата-энесинин алдына барып, урматын алып кеттик. Анткени элибизде "калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт" деген сөз бар", - дейт Чубак Жалилов.

Айта кетсек, Чубак Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргыздын Азирети муфтийи кызматын аркалаган. Учурда ал Аалымдар кеңешинин мүчөсү. Биринчи аялы экөөнүн ортосунда эки кыз, үч уулу бар.






Чубак Жалилов 2-аял алганы тууралуу түшүндүрмө берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(181)
28.11.2017. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Чубак ажыда өртда өзү...
28.11.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эми канча эркек алына карабай уй булосун бузат уйлоном деп
28.11.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жесир калса ага да ажырашкан бироо чыкмак да... Албетте ар бир адам озу билет го.
28.11.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чубак ажы экинчи аялды алыптыр менда алам деп чыгат эми. Эркектердин 70%.80%.
28.11.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ммм.Ачык айтып баштап берип , жакшы кылыпсыз .Эркектерге табылбай калат экен да эми .Эми ажырашуулар даана кобойот деп ойлойм .
28.11.2017. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypara1415,жаш кезинде кыйын кезде жанында журот бмринчи аялы,анан торт бещти тороп картаят, оорукчан да боло баштайт. Эркек колуна карга чычып жаш аял алгысы келип калат ошол кезле.
28.11.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Акыркы убакта баардык эле жокту ажылар баштап бере турган болду
28.11.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Башкаларга табылбай эле калат экен да эми.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: