super.kg logo

Ош шаарынын мектеп окуучулары Рубиктин кубигин чогултуу боюнча күч сынашат

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жылдык планынын негизинде аталган шаардагы мектептер арасында "Акылтай" сынагы өтөт. Анда окуучулар Рубиктин кубигин бат чогултуу боюнча күч сынашат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган башкармалыктын усулчусу Руслан Закиров билдирди.

"Буга чейин Ош шаарындагы мектептер арасында Рубиктин кубигин чогултуу боюнча таймаш өтүп, анда кубикти эң бат чогулткан 50дөн ашуун окуучуларды тандап алганбыз. Эми 30-ноябрда ошол тандоодон өткөн окуучулардын ичинен алдынкы үчөөнү аныктайлы деп турабыз. Ага 5-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары катышат. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер даярдалган. Сынакты уюштуруудагы негизги максатыбыз – окуучулардын убактысын пайдалуу нерселер менен өткөрүүгө багыттоо, алардын Рубиктин кубиги менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу", - деди ал.

Белгилей кетсек, "Рубиктин кубиги" оюнчугу венгриялык ойлоп табуучу жана скульптор Эрнё Рубик тарабынан ойлоп табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
28.11.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубик Рубик уйрото турган курстар барбы
28.11.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kechirmeni,Курска барып емне кыласын [moderated]да еле журот как собират кубик рубик деп жазсан чыгат
28.11.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dasta,Рахмат
kechirmeni түзөттү 2017-11-28 17:51:11
28.11.2017. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жаш кезимде 15 секундда бир бетин толтурчумун
28.11.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1.2 мин менин рекордум ))
28.11.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менде уйдо жатат 3 ай болду бир жолуда чогулта албадым)) баардык жагын тууралаш кыйын экен..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: