super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Бишкек шаарындагы Ак-Босого конушунда суу түтүгү жарылып көчөнү суу каптап жатат

 

Бишкек шаарындагы Ак-Босого конушунун Чүй көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин түбүнөн ичүүчү суу өтүүчү түтүк жарылды. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" билдирди.

"Түтүк бүгүн, 28-ноябрда жарылды. Чүй көчөсүнүн Саадаев көчөсү менен кесилишкен жеринде суу фонтан болуп атып баштады. "Суу канал" ишканасына чалсак, диспетчер бош бригада жок деп койду. Көчөдөн жөө адам жүрө албас абалга келди. Бир көчөнү бүт суу каптады. Ошону менен бирге 2 күндөн бери түнкүсүн электр энергиясын чектеп коюп жатышат. Профилактикалык өчүрүүлөр болбойт дешпеди беле? Түнкүсүн жарык жок, үйлөрүбүз суук. Эми эшикке чыксак короо суу", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Ак Босого конушун суу каптады

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.11.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
интернетке чыкты деп эми кыймылдашат. Башка сайттарга да жуктоп сал эртерээк кыймылдашат
28.11.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнтуунун жаңы конушу таза сууга жетпей жатсак. Силерде ашып ташып жатат эххх...
28.11.2017. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iasin, Ак-Босогодон Күнтууну көздөй тартып алгыла да сууну бекер эле жердин баарына агып атат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: