super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстан Ислам Каримовдун 80 жылдыгын белгилейт

 

Өзбекстан маркум Ислам Каримовдун 80 жылдыгын белгилейт. Тиешелүү токтомго президент Шавкат Мирзийоев кол койду.

Токтом Өзбекстандын биринчи президентинин эгемендүүлүк жылдарындагы тарыхый эмгектерин эске алып, Каримовдун жаркын элесинин урматына өнүгүү жолунда жараткан ийгиликтерин мындан ары да улантууга багытталат.

Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чаралардын планына 2018-жылдын январь айында Самарканд шаарында Ислам Каримовдун урматына арналган мемориалдык комплекстин ачылышын жана Өзбекстандын түштүк-батышындагы Карши шаарында анын эстелигин тургузууну киргизген.

Мындан тышкары "Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун ишмердүүлүгүнүн хроникасы", "Жаштар - биздин бүгүнкү жана эртеңки күнүбүздү чечүүчү күч", "Бийик руханият - жеңилбес күч" деп аталган китептер, ошондой эле экс-президенттин жашоосу жана саясий ишмердүүлүгү боюнча даректүү тасма жарык көрмөкчү.

Өзбекстандагы бардык маалымат каражаттары, маданият үйлөрү, китепканалар бул иш-чараларды чагылдырмакчы.

Самарканд шаарында "Ислам Каримов - көз карандысыз Өзбекстандын негиздөөчүсү" деп аталган эл аралык илимий конференция өтөт. 2018-жылдын I-кварталында Каримовдун жаркын элесине арналган мыкты макаланын автору тандалат.

Ислам Каримов 1938-жылы 30-январда туулган. Ал 1991-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Өзбекстанды башкарып 2016-жылы 2-сентябрда жүрөк оорусунан улам дүйнө салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: