Эгерде эркек эки аял менен эки башка үйдө жашаса, анда мыйзам бузуу деп эсептелбейби? Юрист жооп берет
Социалдык тармактарда диний ишмер Чубак Жалиловдун токол алганы катуу талкууга алынууда. "Кылым шамы" адам укугун коргоо борборунун директору Азиза Абдирасулова диний ишмер мыйзамды бузганын айтып чыкты. Ошондой эле аталган борбор бул окуя боюнча укуктук баа берүү үчүн прокуратурага кайрылган.
Укук коргоочу, адвокат Акин Токталиев эки же көп аял алууну прокурор да, сот да кылмыш иш катары карабай турганын SUPER.KG порталына айтты.
"Чубак Жалиловдун экинчи аял алганын прокурор да, сот да кылмыш катары карабайт. Себеби жалпы чарба жүргүзбөйт жана чогуу бир төшөктө жатышпайт. Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда" деп так жазылып турат. Диний ишмердин айткан сөзүндө эч кандай коркунуч жок. Аны Кыргыз улутун сактап калуу деп эле түшүнөм. Азиза Абдирасулова прокуратурага кайрылардан мурун беренени жакшылап окуп алса болмок. Прокуратура кылмыш ишин козгой албай калса, Чубак Жалилов укук коргоочуну сотко берсе болот", - деди Акин Токталиев.
Ал эми Ички иштер министрлиги Чубак Жалиловдун экинчи аял алганы тууралуу айтканы арыздын негизинде гана карала турганын билдирди. Арызды аялдарынын бири же алардын чогуу жашап жатканына күбө болгон жарандар бере алышат.


(бул учун катуу убайым жеген ухтинин жообу)
1. Ал болгону экинчи аял алды да.Муну Аллах уруксат берди.Эгер ал бешинчи аял алганда,мына ошондо убайым жесениз болот.
2. Ал болгону уйлонду,олуп калган жок,болуптур,мындан кийин бир аз азыраак келет экен,а бирок жолугуушунар мурункудан да ыссык болот да.
3. Болуптур,ал бир кун калып,бир кун келет экен.А бирок шугур айтыныз,куйоолору бар туруп,алар м н айлап -жылдап жолуга албага
мен намаз окуйм кудаага шугур. оронуп хиджап кийгендердин кобу намаз окубайт экен тооба. арасында мурда жаман жургондору да бар оз козум менен коруп кулагым менен укканымы жаздым.
МОЛДОНУН АЙТКАНЫН КЫЛ КЫЛГАНЫН КЫЛБА
тозоктун жарымы молдолор менен толот