super.kg logo

Белгилүү сүрөтчү Клод Моненин жеке буюмдары 11 миллион долларга сатылды

 
Оскар Клод Моне.
Клод Моненин көз айнеги.
4 миллион долларга сатылган сүрөт.
81 миллион долларга сатылган "Чөптүн чөмөлөсү" чыгармасы.

Белгилүү француз сүрөтчүсү Клод Моненин жеке буюмдары атайын уюштурулган аукциондо 11 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Christie's аукцион үйү жалпы 54 буюмду сатыкка койгон. Аукцион Кытайдын Гонконг шаарында өткөн. Эң көп суммадагы акчага сатылган буюмдар болуп көз айнек жана сүрөтчү тарабынан 1884-жылы тартылган картина болгон.

Көз айнекти эксперттер 1500 долларга баалашканына карабастан баасы өсүп отуруп 51 миң долларга сатылган. Ал эми деңиз жана андагы аска түшүрүлгөн картина 4 миллион долларга бааланып, өз ээсин тапкан.

Буга чейин сүрөтчүнүн "Чөптүн чөмөлөсү" аттуу чыгармасы 81 миллион долларга сатылган. Ал Моненин эң кымбат баага сатылган эмгеги болуп калган.

Оскар Клод Моне белгилүү француз сүрөтчүсү. Ал импрессионизм багытын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.11.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча коп болсо ошода
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: