Экс-президенттин уулуна ортоңку манжасын көрсөткөн айдоочу менен Патрулдук милиция кармаган айдоочунун эки башка адам экени айтылууда



Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Бишкекте жол эрежесин бузуп, экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасовго колунун ортоңку манжасын көрсөткөн айдоочу менен Патрулдук милиция кармаган айдоочунун эки башка адам экенин жазышууда.
Айсылу Ельчина аттуу интернет колдонуучу "Колунун ортоңку манжасын көрсөткөн айдоочу 1985-жылы туулган У.Т. деген адам, ал эми Патрулдук милиция кармаган айдоочу башка" деп жазды.
Буга чейин Бишкек ШИИББи боюнча Патрулдук милиция башкармалыгы терезелери караңгылатылган жана атайын сигнал орнотулган Тойота Ленд Крузер унаасынын айдоочусу 1996-жылы туулган А.А. кармалганын билдиришкен.
Ал эми аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев интернет колдонуучулары тарабынан айтылган күмөндөр боюнча "Биз машинаны таап, токтоткондо рулда 1996-жылы туулган А.А. отурган. Ал "рулда мен болчумун, номерди таап алгам" деп жатат", - деди.
Жол эрежесин бузуп, колунун ортоңку манжасын көрсөткөн айдоочу

















1 |