super.kg logo

"Эйр Манас" авиакомпаниясынан жагымдуу кабар! Бишкек-Ташкент-Бишкек аба каттамы ачылат

 

Күн сайын өнүгүүнүн үстүндө иш-аракеттерди жүргүзүп келе жаткан өлкөнүн келечектүү "Эйр Манас" авиакомпаниясы жүргүнчүлөр үчүн жагымдуу кабарды жарыялайт. Тактап айтканда, аталган авиакомпания Бишкек-Ташкент-Бишкек жаңы каттамын ишке киргизет.

"Эйр Манас" авиакомпаниясынын Бишкек-Ташкент аба каттамы биринчи жолу ушул жылдын 23-декабрында ишке ашырылат. Ал күнү бул каттамдагы учактан туристтер, жеке ишкерлер, туугандарына бара жаткан жүргүнчүлөр, айтор каалаган жүргүнчү орун алса болот.

Аталган авиакомпания лоу-кост бизнес үлгүсүндө иш алып барат. Буга байланыштуу каттамдардын баасы башка авиакомпаниялардын билеттерине салыштырмалуу бир топ арзан. Лоу-кост бизнес үлгүсүндөгү билеттерде тамак-аш, артыкча жүк алуу жана башка кызматтар кошумча акы төлөө менен жүргүзүлөт. Мындай ыкма сиз өзүңүздүн капчыгыңызды муктаждыгыңызга жараша башкарууга шарт түзөт.

"Эйр Манас" авикомпаниясынын Бишкек-Ташкент-Бишкек каттамы жумасына 2 жолу: шаршемби, ишемби күндөрү ишке ашырылат. Авиакомпания жаңы каттамды ачуунун алдында - Кыргыз-Өзбек элдеринин мамилесин чыңдоого салым кошууну, визасыз режимди, бажы жана чек ара көзөмөл өткөрүү бекеттериндеги маселелерди жоюуну максат кылган.

Авибилеттерди сиз www.airmanas.com сайты аркылуу буюртма берип же авиаагенттиктерден алсаңыз болот. "Эйр Манас" авиакомпаниясы билеттерди алдын ала камсыздоо менен сиз акчаңызды үнөмдөшүңүз мүмкүн экендигин эскертет.

"Кыргыз өлкөсүндө авиацияны биз баштаган эмеспиз, бирок биз авиакызматтарын жакшы жакка өзгөртөбүз!" деген ураан менен иш алып барган "Эйр Манас" авиакомпаниясы Боинг 737-400 жана Боинг 737-800 учактарын пайдаланат. Тажрыйбалуу учкучтар менен учактагы тейлөө кызматкерлери сиздин коопсуздугуңуз менен ыңгайлуулугуңузду башкы орунга коёт. Коңшу өлкөнү көрүп келүүнү пландап жаткан болсоңуз билет алууга чамдаңыз.

Төмөндө каттамдардын сааттары жергиликтүү убакыт менен көрсөтүлдү

ZM1029 FRU-TAS Бишкек-Ташкент 12:30 - 12:30
ZM1030 TAS-FRU Ташкент-Бишкек 14:00 - 16:05

"Эйр Манас" авиакомпаниясы аркылуу буга чейин Бишкек-Москва-Бишкек, Бишкек-Дели-Бишкек, Бишкек-Үрүмчү-Бишкек, Бишкек-Ош-Бишкек каттамдары жүргүзүлүп келген.

"Эйр Манас" ишканасындагы авиакаттамдар, билеттер, кызматтар тууралуу кызыктырган бардык суроолорго жоопту www.airmanas.com сайтына кирип алыңыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(19)
01.12.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Жеендер учуп жыргап калат экен орча байрамда
01.12.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
jugorsk туура
01.12.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
jugorsk,

Таппаганынар жок, кулуп алдым.))))
01.12.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туугандар сүйүнчү!!! Деп жазыш керек эле.
01.12.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
futboler, оббо,эми созунордун тусу неге кара де бир жолу.
Tyty1990 түзөттү 2017-12-01 15:17:51
01.12.2017. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyty1990, жакпаса окуба!
01.12.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул компания адамдарды алдайт. Алсызга үстөмдүүлүк кылат. Жоопкерчиликти сезбейт. Баасы болсо кымбат. Мен 2012-жылдан бери Ош-Бишкек каттамында жылына 1-2 жолу учам.
01.12.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Самолёт ун ондоптурбу откондо эле бузулуп калды деп атты элего анан бир эле самолёт ту бар экенго
02.12.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
more22,Бул "ЭЙР МАНАС" авиакампаниясы, сиз самолету бузулуп калды деп айтып жаткан авиакампания ал Кыргызстандын мамлекеттик, жалгыз гана авиакампаниясы "ЭЙР КЫРГЫЗСТАН"Кичине кампаниялардын атына,аталышына маани берип, конул коюп окусанар,болбогон эле кептерди жаза бербей.Адамдарга туура эмес маалымат бербей!
B.o.s.s түзөттү 2017-12-02 10:51:38
01.12.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким, кээ бироолор учун ото жагымдуу кабардыр.
01.12.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жанылык болуптур. Мен азыр Ташкеттемин. Жайында Бишкектен Ташкентке 12мин ден 18минге чейин болду. Время полета 1час всего. Булардын баасы канча болду экен
03.12.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bibi87,суйло анан Ташкенттен. Эмне кордун,эмне уктун,бизден кандай айырма экен ж,б дегендей?
03.12.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bibi87, бирок сага окшогондорго эле жакшы жанылык болбосо,калганыбызга эч кандай жакшылыгы деле жок. Же кандай жакшылыгы бар,санап берчи биз угалы?
01.12.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Москвага арзан болот окшойт билет. 127 $ дейтго 1 саат эле учса кымбат
01.12.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
guli-1980,сиз менен таанышуу керек экен Ташкент ее баргым келет
03.12.2017. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aydarov.0607,мени мн барышын керекпи? Интернеттен карадым билеттин баасын
02.12.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Компаниянын аты Эйр Манас сайты орусча уят уят намыс кылыш керек. Тантырашат тим эле.
03.12.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жагымдуу кабар болуп эле эмне? Кереги жок болчу чек аранын ачылышы. Бизге эмне пайда? Пайда ал жактагы итке минген,жакыр,самсаалагандарына эле пайда болбосо. Анткени Озбекстандын элинин жашоо денгеели бизден кыйла эле томон. Алардын тапырап бизге келишинен эч кандай пайда жок. Ансыз деле Ош жака лолулорго окшогондор толуп кирип атышат дейт Оштуктар. Кайтарыш керек артка,озубуз жыргап аткансып тимеле.
03.12.2017. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койгула андан коро Ош-Бишкек каттамын арзандаткыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: