super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Аксынын Кара-Суу айылынын ишкерлери өлкөгө үлгү болорлук иштерди жасоодо" дейт окурман

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылынан чыккан ишкерлер Кыргыздын башка айылдарына үлгү болорлук иштерди жасашууда. Бул тууралуу окурман бүгүн, 29-ноябрда SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына билдирди.

"Өкмөттү карап отура бербей, айылдарды өз алдынча өнүктүрсө деле болот экен. Мисалы, Кара-Суу айыл өкмөтүнөн чыккан ишкерлер айылдарга түнкүсүн жарыктандыруучу лампаларды коюп жатышат. Жаӊы-Айыл жана башка айылдарга коюлду. Ошондой эле айылдын кире беришине арка тургузуп беришти. Аркада "Кыргыз ыӊкылаптарынын башаты болгон Кара-Суу айыл аймагына куш келиӊиздер" деп жазылуу. 2002-жылкы Аксы окуясы Кыргыз мамлекетинде чоӊ бурулуштун башаты болгону белгилүү. Аксы окуясынын учу дал ушул айылдан башталат. Ишкерлердин айылын колдоп жатышы өлкөнүн башка айылдарына да үлгү болсо жакшы болот эле. Элге кызмат кылыш үчүн сөзсүз эле бийликке баруу керек эмес да", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.11.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындай аркалар ар бир айылда бар азыр.
29.11.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аты жарашпай калыптыр Карасуу айылы деп эле койсо болмок
29.11.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы иш жасапсыңар азаматсыңар, бирок ыңкылап деген сөздү алып эле салгыла, эл дагы чарчады ыңкылап митингден, тынч эле жашайлычы
29.11.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдик кабарга кайсы номерге жазабыз.Билгендер болсо айтып коюнуздар. Алдын ала рахмат
29.11.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nur8777, саламатсызбы! Кабарыңызды Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз.
29.11.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арка куруу модабы эмне?!! Ошол акчана бала бакча куруп же ошого окшогон пайдалуу ишке жумшаса болбойбу?!!
01.12.2017. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patriot7,бала бакча болсочу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: