super.kg logo
  Спорт  

Канатбек Бегалиев: "Билимимди жогорулатып депутат болууга аракет жасайм"

 

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев кызматынан кетип, эми депутаттыкка аттанат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда маалымат жыйын учурунда айтты.

Анын айтымында, грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматына дайындалгандан бери курама командага көп жеңиштерге жетти.

"Мен 2012-жылдын ноябрь айында спортчулардын жана машыктыруучулардын сурануусу боюнча шайлангам. Жаш өспүрүмдөргө өзүмдүн тажрыйбамды жана ыкмаларымды үйрөттүм. 2012-жылдан бери грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы менин башкаруумда Азия чемпиондуктарында 4 алтын, 4 күмүш жана 10 коло медаль жеңип алды. Ошондой эле эл аралык мелдештерде да ар түрдүү алдынкы орундарга ээ болгон", - дейт Бегалиев.

Мурдагы башкы машыктыруучу жумуштан өз каалоосу менен кеткенин айтып, келечектеги максаттарын билдирди.

"Мен өз каалоом менен жумуштан кеттим, келечекте илим жана билим алып парламентке барууну көздөп жатам. Ал жакта спорттун көйгөйлөрүн чечейин деген ой-максатым бар. Буга чейин башкы машыктыруучу кызматында иштеп Кыргыз спортуна жакшы салым коштум деп эсептейм. Кыргыз спортун бир аз болсо да алдыга сүйрөдүм деп толук айта алам", - дейт ал.

Маалымдай кетсек, Канатбек Бегалиев 18-октябрда кызматынан бошотулган. Ал бул кызматка 2012-жылы дайындалып, 2017-жылдын январь айында "Токио-2020" Олимпиадасына чейин кайрадан башкы машыктыруучусу кызматына шайланган.

Канатбек Бегалиев буга чейин Кыргыз курамасынын спортчусу болуп, 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
29.11.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура кыласын азамат. Спорттогу проблемаларды озун жакшы билесин деп ойлойм. Ошолорду чечкенге аракет кылгыла
29.11.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодец кыялыбыз окшош экен.Мен да депутат болсомбу деп атам.
29.11.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу жетишпей жаттыле
29.11.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сен эле калдың эле жөн эле жүрө берчи.
29.11.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жумуш таппай калганда депутат болуш керек окшойт))
29.11.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шайлоого коп бар го! Негизи Олимпияда оюндарынын катышуучуларын аткаруу, козомол бийлик бутактарына киргизиш керек. Ошонло гана призер гана болбой баш байгеге жетишип каларыбыз мумкун. Данияр Кобоновду тарбиялап туура пайдаланганда Олимпияда оюндарында алмак. Ото таланттуу спортсмен. Убакыттан уткуруп койдук
29.11.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу сен эле калдын эле айланайын баары эле жулунушат бийлике аман эле болчу
29.11.2017. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айласы кеткендер депутат болуп жатышат. Коро жатарбыз
30.11.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттыкка билимдин кереги жок.популизимди жакшы билсен эн мыкты депутатсын.депутатта билим болсо.......
30.11.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
120 кой бир текеге аралашып эмне кыласын баркынды кетирип
14.12.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутатыкка билимдин кереги жок,кошоматчы болсон болду,кресло сеники
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: