super.kg logo
  Саясат  

Депутат Никитенко өкмөт башчыдан бажы тармагындагы коррупциялык иштерди изилдеп чыгуусун талап кылды

 

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Наталья Никитенко Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин айлыгын жогорулаткандын ордуна ал жердеги коррупциялык иштерди изилдеп чыгуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-ноябрда парламент жыйынында билдирди.

“Мен 2015-жылы кармалган эки фура боюнча маалыматты азыркыга чейин ала албай жүрөм. Кылмыш ишин козгогон боюнча маалыматтар жок. Өкмөткө коррупциялык иштерге көңүл бурууну сунуштайм”, - деди Никитенко.

Премьер-министр Сапар Исаков бажы кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу каралбаганын эскертти. Ал эми эки фура боюнча маалыматты тактай турганын билдирди.

Жогорку Кеңеште 2018-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: