super.kg logo

Бишкекте жол эрежесин бузуп, адепсиз жаңсоо кылган айдоочу: "Мерседес жолумду тороп алганынан жиним келип, атайын сигналды иштетип, сөгүп кетип калгам"

 
Урмат Токтоназаров.
Патрулдук милиция кармаган айдоочу.

Бишкекте "жол эрежесин бузуп, экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасовго адепсиз жаңсоо кылган" делген айдоочу Урмат Токтоназаров SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берди.

"Жолдо баратсам, КамАЗ жолду жаап бузулуп калыптыр. Күтүп отура бермек белем, анан каршы тилкеге чыктым. Ошол учурда Мерседес маркасындагы машина, бурулуп келип менин жолумду тороп калды. Жиним келип атайын сигналды иштетип, сөгүп кетип калгам. Каршы тилкеге чыгып, жол эрежесин бузганымды моюнума алам.

Машина өзүмө таандык, сатып алгам. Ишеним каттын негизинде айдап жүрөм. Үйгө токтотуп койсом иним айдап кетип калыптыр. Ал эми атайын сигналды кечээ күнү эле койгом. Ага эч кандай уруксат алган эмесмин.

Ошондой эле мени "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышевдин иниси, айдоочусу деп жатышат. Спортко жакын болгонумдан Кыдырмышевди сыртынан эле тааныйм. Кээ бир учурларда жардам берип койчумун. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун иниси дегендер да бар экен. Чынында аны менен эч кандай байланышым жок. Ал Таластан болсо, мен Жалал-Абаддан болом", - деди Токтоназаров.

Айта кетсек, 28-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында Л.Толстой көчөсүндө белгисиз айдоочу терезелери караңгылатылган жана атайын сигнал орнотулган Тойота Ленд Крузер унаасы каршы тилкеге чыгып жол эрежесин бузган. Андан сырткары айдоочу аны видеого тарткан жаранга колунун ортоңку манжасын көрсөтүп, белгисиз тарапка кеткен.

Видеону экс-президент Роза Отунбаеванын уулу, жарандык активист Атай Садыбакасов каршысындагы машинанын рулунда болуп тартып алган.

Бишкек ШИИББи боюнча Патрулдук милиция башкармалыгы терезелери караңгылатылган жана атайын сигнал орнотулган Тойота Ленд Крузер унаасынын айдоочусу 1996-жылы туулган А.А. кармалганын билдиришкен.

Бирок кийин социалдык тармактын колдонуучуларынын жардамынын аркасында видеодогу айдоочу менен Патрулдук милиция кармаган айдоочу эки башка адам экени белгилүү болгон.

Ал эми аталган Бишкек ШИИББи боюнча Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев интернет колдонуучулары тарабынан айтылган күмөндөр боюнча "Биз машинаны таап, токтоткондо рулда 1996-жылы туулган А.А. отурган. Ал "рулда мен болчумун, номерди таап алгам" деп жатат", - деди.






Жол эрежесин бузуп, колунун ортоңку манжасын көрсөткөн айдоочу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
Медиа-портал
29.11.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Копкон ХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-29 15:06:28
29.11.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми буга кандай чара коросунор? Таза эле каршы тилкеге чыгып жол эрежесин бузуп жатпайбы. Мындай акмактарды соттоп машинасын штраф стоянкага токтотуш керек. АА эмнеге машина озунун менчиги болсо Гос. номер менен журот
29.11.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жолумду тороп
29.11.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атайын сигналды кечээ эле койгом дегенин.
29.11.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уурусу кучтуу болсо ээсин доого жыгат дегендей эле болуптур да
29.11.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Даа адамдык сапат деген жок.Водительский уважение деген жок экенда андан коро кечирип койгула дегендин ордуна актанат
29.11.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каршы тилкеге чыкканда тем более двойной сплошной болуп атат, как минимум правасын лишать этиш керек акмактардын
29.11.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Камаздын ар жагынан портер эрежени бузбай эле жап жакшына кетип жататго
29.11.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Согуп кетип калбай жерге кир, мээн болсо ал сенин эмес сен анын жолун тороп каршы тилкеге чыгып атасын, сплащной паласадан ашып отуп, каршы тикеге чыгып анын жолуна чыксан анан торойт да откорбой, абдан туура кылыптыр откорбой, эптеп машина айдаганды уйронуп алып айдап журо бербей правиланы да билип ал копкон ХХХХ!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-11-29 16:35:27
29.11.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят эле видеодогу бала мн кармалган бала вобше башкаго. Милиция мен элем деп жатат деп эле башка бирөөнү кармаптр. Уялбайбы милиция
Медиа-портал
29.11.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Джип айдасам эле мага закон жок деген манкурттар
Медиа-портал
29.11.2017. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
asanova1984aida,туура айтасын
29.11.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Туугандар бир аз калыс болгула. Бул баланы эч ким издеген жок озу барып тушунук кат жазып бериптир. Болгон окуяны мойнуна алып атат. Качып кетпептир мындай коп адамдардын колунан келе бербейт. Туура орден бериш керек деп мактабайм. Бирок калыс болгула бир аз.
29.11.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KAYRATBEK,
Кандай болуп калыс бололу эми?
Мактайлыбы?алкыш айталыбы же?
Кылгылыкты кылса,видеого тартылып калып издоодо журсо анан озу келип мойунга албашка чарасы барбы?))
08.12.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KAYRATBEK, инисин кармап алышса анан машинасына айла жок озу келет да)
29.11.2017. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Портер откон жол турат го. Биринчи паласа менен деле отсо болот. Бул бир копкон адам экен да эми.
29.11.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айдоочу озунун адамдык денгээлин корсотту. Ушундай "нерсе" остургон Ата энесине окунучтуу. Мындай "оз билемге" чарасын катуураак кылыш керек.
29.11.2017. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
озунун денгелин корсотуп кетиптир
Медиа-портал
30.11.2017. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
гөптүго бул чондорун
30.11.2017. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Djal1987, Biinura, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
30.11.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видеону жакшылап карасанар камаз журуп келатып резко токтоп атат бузулбай эле. Бул кутурган немеге чара коруу керек. Акылы кем неме Ланд Крузер айдап алса озун ото СЕЗИП кеткен турбайбы( Жигитчиликке жатпайт мындай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: