super.kg logo

Ысык-Көлдө жаш ишкерлер бизнесин натыйжалуу жүргүзүшүүдө

 

Борбордук Азиядагы Евразия фонду 2 жыл мурда “Жаштардын ишмердүүлүгү” долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусундагы жаш ишкерлердин бизнесин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында 20дан 28 жашка чейинки жаштар арасында сынак жарыялаган. Жалпы 400дөн ашык долбоор келип түшүп, анын ичинен 18 долбоор тандалып алган. Аларга кайтарымсыз негизде "Кумтөр" тарабынан 150 миң доллардын тегерегинде акча бөлүнүп берилип, учурда жаш ишкерлер өз бизнесин ийгиликтүү улантып, үзүрүн көрүүдө. Долбоорлордун тогузу өндүрүш багытында болсо, тогузу кызмат көрсөтүү багытында. 28-ноябрда фонддун өкүлдөрү айрым ишкерлердин бизнеси менен таанышып чыгышты.

Алгач Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылындагы 29 жаштагы Жыргалбек Ибраев аттуу тиш дарыгеринин ишинен кабар алышты. Ибраев тиш дарылоочу жайын ачкан, бирок өзгөчө керектүү жабдыктары жок эле. Мындан улам ал долбоор жазып, жабдыктарды сатып алууга 8 миң 300 доллар алган. Ал учурда тиш дарылоочу жайын керектүү жабдыктар менен камсыздап, элге кызмат кылып жатат. Ошондой эле өзүнөн сырткары 2 адамды жумуш менен камсыз кылып, маяна берүүдө.

Долбоордон 10 миң доллар утуп алып, бизнесин жолго салгандардын дагы бири 30 жаштагы Улан Маматов. Ал чакан цех иштетип, Жети-Өгүз жана Тоң районун колго даярдалган пельмен, манты жана котлет менен камсыздап келет.

"Пельмен, манты жана котлетти колго жасап сатууну 2006-жылы баштагам, бирок жасалган товарды сактоо үчүн ири көлөмдөгү муздаткыч алууга мүмкүнчүлүктөр жетишсиз болгон. Долбоордон 10 миң доллар утуп алып, 5 тонналык муздаткыч алгам. Азыр жасалган товарымды муздаткычта сактап, эки райондогу дүкөндөргө таратып берем. Ушул жылдын 6 айында эле жалпы кирешем 300 миң сомго жетти. Андан сырткары 7 адамды жумуш менен камсыздап, ар бирине 10 миң сомго чейин айлык бердим", - деди Маматов.

Жети-Өгүз районундагы 25 жаштагы ишкер Жоомарт Асангазиев да өз бизнеси үчүн долбоордон 8 миң доллардан ашык акча алган. Ал алган акчасына күнөскана куруп карагаттын көчөтүн өстүрүү менен алектенет. "Үй-бүлөбүз күнөскана куруп, жашылча-жемиш өстүрүү менен алектенет. Бирок мен күнөскана уюштуруу үчүн долбоорго катышкам. Утуп чыккан 18 долбоордун арасына менин да сунушум кирип калып, 8 миң доллардан ашык акча берилген. Көлдүн жээгине күнөскана куруп, фонд берген акчага күнөскананын үстүн жабууга материал жана суу сордургуч алгам. Азыр күнөсканага карагаттын көчөтүн өстүрүп келем. Өткөн жылы бадыраң жана карагаттын көчөтүн өстүргөм. Бирок карагаттын көчөтүн өстүрүп сатуудан чоң пайда таптым. 1000 көчөт алып, ар бирин 75 сомдон өткөрдүм. Быйыл 7 миң көчөт өстүрүп, жарымын 55 сомдон саттым", - деди бизнесмен Асангазиев.

Фонд кыз-келиндердин да бизнесин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү унутта калтырган эмес. 26 жаштагы Акылай Аденова да жаш ишкер айым катары аймакта өскөн мөмө-жемиштерди жергиликтүү элден сатып алып, аны кургатып чет өлкөгө экспорттоо менен алектенет. Долбоордон жалпы 13 миң доллар алып мөмө-жемиштерди кургатуучу жабдыктарды алган.

"Мен алма, алмурут, ит мурун, алчаны кургатып, Орусияга экспорттоо менен алектенем. Алгач лизингге мөмө-жемиш кургатуучу бир жабдык алып иштетип келгем. Бирок ага бир учурда 500 килограмм эле баткандыктан берилген буюртмаларды өз учурунда камсыздай албай калдык. 2015-жылы долбоордон 13 миң доллар алып жабдууларды сатып алганбыз. Ар бирине 500 килограммдан батып, күнүнө 3 тоннага чейин чийки мөмө-жемишти кургатууга жетишебиз. Июнь айынан тартып декабрь айынын соңуна чейин иштеп, 30га жакын кишини жумуш менен камсыздайбыз", - деди ишкер Аденова.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
30.11.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы
30.11.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм
30.11.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага дагы берсе швейный цех ачмакмын 20га жакын адамды жумуш менен камсыз кылмакмын.
30.11.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирок барибир ишке ашырам куда кааласа.
30.11.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kuba-savai87,ишинерге ийгилик!
30.11.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай долбоорлорду колдогону кубанычтуу, негизи мамлекет да ошентип долбоор колдоочу фондторду ачып ишканаларды тузууго аракет кылыш керек
30.11.2017. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мына ушулар берген кредитти чындап эле льготный деп айтсак болот, окмот болсо 12% креит берип льгота кылып атабыз деп мактанат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: