super.kg logo

Патрулдук милиция: "Бишкекте жол эрежесин бузуп, адепсиз жаңсоо кылган айдоочу кармалды"

 

Бишкекте жол эрежесин бузуп, адепсиз жаңсоо кылган айдоочу Урмат Токтоназаров кармалды. Түшүнүк кат жазылып алынган соң ал кайра коё берилген. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Бишкек ШИИББи боюнча Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Урмат Токтоназаровго каршы тилкеге чыкканы, терезелерин караңгылатып алганы, атайын сигнал орнотуп жана жасалма номер тагып алганы үчүн административдик протокол толтурулган.

Айта кетсек, 28-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында Л.Толстой көчөсүндө белгисиз айдоочу терезелери караңгылатылган жана атайын сигнал орнотулган Тойота Ленд Крузер унаасы каршы тилкеге чыгып жол эрежесин бузган. Андан сырткары айдоочу аны видеого тарткан жаранга колунун ортоңку манжасын көрсөтүп, белгисиз тарапка кеткен.

Видеону экс-президент Роза Отунбаеванын уулу, жарандык активист Атай Садыбакасов каршысындагы машинанын рулунда болуп тартып алган.

Бишкек ШИИББи боюнча Патрулдук милиция башкармалыгы терезелери караңгылатылган жана атайын сигнал орнотулган Тойота Ленд Крузер унаасынын айдоочусу 1996-жылы туулган А.А. кармалганын билдиришкен.

Бирок кийин социалдык тармактын колдонуучуларынын жардамынын аркасында видеодогу айдоочу менен Патрулдук милиция кармаган айдоочу эки башка адам экени белгилүү болуп, жол эрежесин бузган учурда унааны Урмат Токтоназаров башкарып баратканы аныкталган.

Ал эми Урмат Токтоназаров SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берген. Ошондой эле ал Патрулдук милицияга өзү барып, түшүнүк кат жазганын да билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
29.11.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тонировкаго
29.11.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Милиция конгон адаты боюнча башка бироону коргозуп элди алдаймын деди болбой калды.Улан Исраилов копко иштей албайтко бул жалганчы милициясы менен.
29.11.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атасынын акчасына копгон неме да.
29.11.2017. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми мына чыкдыкка жакын. Карапайым бироону кармап алып, анын мойнуна илмекчи болушту эле.
29.11.2017. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айдоочулук күбөлүгүн алып коюш керек мыйзамга ылайык!!!
29.11.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аларга приказ берилгенде машинанын номери гана берилсе алар,ошол номерлүү машинаны кармашса керек да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: