super.kg logo
  Спорт  

Канатбек Бегалиев: "Эл аралык мелдештерде Кыргыз туусун желбиретип, алдынкы орундарды ээлеген спортчулар учурда жумушсуз калууда"

 

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев мамлекеттен спортчуларды жумушсуз калтырбоону суранды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда маалымат жыйыны учурунда айтты.

Анын айтымында, өз убагында эл аралык мелдештерде Кыргыз туусун желбиретип, алдынкы орундарды ээлеген спортчулар учурда жумушсуз калууда.

"Биздин атактуу спортчулар Данияр Көбөнов, Руслан Түмөнбаев жана Арсен Эралиев учурда жумушсуз калды. Данияр Көбөнов Азия оюндарын утуп алганда жалпы кыргыз эли кубанган. Ийгиликтерди жараткан спортчулар азыр көчөдө калды. Башкача айтканда, спортчуларды колдонуп, ден соолугун алып, "болду керегиң жок" деп ыргытып салган болбойт. Эмгеги сиңген спортчуларга сөзсүз бир кызмат берилиш керек", - дейт Бегалиев.

Маалымдай кетсек, бүгүн, 29-ноябрда башкы машыктыруучу кезиндеги жыйынтыктар боюнча маалымат жыйын өткөрүп, эми депутаттыкка аттанарын билдирди.

Эске салсак, Канатбек Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан өз каалоосу менен 2017-жылдын 18-октябрында кеткен. 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.11.2017. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депутат болсон сени колдойбуз!
29.11.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канат Бегалиев туура айтат, жумуш бериш керек.Горкенеш,ЖК депутат болсо жакшы болмок.Спортсмендерден депутат кобуроок болсо дейм.
29.11.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийинки осуп келе жаткан спортсмендерге да стимул болмок жумуш берилсе.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: