super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун оюндарына 742 миңден ашык билет сатылды

 

2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун оюндарына 742 миңден ашык билет сатылды. Бул тууралуу маалыматты эл аралык футбол федерациясы билдирди.

"Кечээ, 28-ноябрда Дүйнө чемпиондугунун оюндарына билеттерди сатуунун биринчи этабы жыйынтыкталды. Биринчи этап 14-сентябрдан баштап 28-ноябрга чейин өткөн. Бул убакыттын ичинде Дүйнө чемпиондугунун оюндарына жалпы 742 миң 760 билет сатылды", - деп жазылат маалыматта.

Билеттерди сатуунун 2-этабы 5-декабрда старт алат.

Айта кетсек, тайпалык баскычта өтө турган оюндарга эң арзан билеттер жергиликтүү тургундар үчүн 1280 рублду (1540 сом) түзөт, ал эми чет өлкөлүктөр эң арзан дегенде 105 доллар (7200 сом) төлөшөт.

Тайпалык баскычтагы өтө турган оюндарга эң кымбат билеттер 12,6 миң рублду (15,2 миң сом) түзөт. Ал эми мелдештин ачылыш аземиндеги оюндун эң кымбат билетинин баасы 33 миң рублду (39,6 миң сом) түзөт.

Кошумчалай кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу-2018 беттеши 14-июндан баштап 15-июлга чейин уланат. Оюндар Москва, Санкт-Петербург, Казань, Екатеринбург, Саранск, Самара, Сочи, Ростов-на-Дону, Калининград, Нижний Новгород жана Волгоград шаарларында орун алат.

Эске салсак, Чемпиондукка дүйнөнүн 5 континентинен жалпы 32 курама команда катышат.

Алар:

Европа аймагынан: Орусия, Германия, Испания, Англия, Бельгия, Исландия, Сербия, Польша, Франция, Португалия, Швейцария, Хорватия, Швеция жана Дания курама командалары.

Түштүк Америкадан: Бразилия, Уругвай, Аргентина, Колумбия жана Перу курама командалары;

Азиядан: Япония, Иран, Түштүк Корея, Сауд Арабиясы жана Австралия курама командалары;

Африкадан: Нигерия, Египет, Сенегал, Тунис жана Марокко курама командалары;

Түндүк жана Борбордук Америкадан: Мексика, Коста-Рика жана Панама курама командалары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
29.11.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Футбол деген бир балээ болду бизге. Футболго карата текшеруулор кучоп коп жарандарыбыз депортация болуп жатат. Футболго чейин дагы коп мигранттарыбызга жаман болот. Тазалайт черныйлардан
29.11.2017. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
gute,футболду тушунбой еле жаза бербешин
29.11.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элге ушинтип негатив айта бербегилечи тооба.Депорт сепорт болбой элэ жакшынакай элэ жүрөбүзго Кудайга шүгүр.Документ туура болсо менттер мн кыйын болуп айтышбай айтканын кылып койсоң койо берет.Кайда биз баатыр элбизда сөзсүз жооп беришибиз керек.Күнөөнү алардан эмес өзүбүздөн издейли.Түз жүргөн туугандар иштеп элэ жүрүшөт.А депорт болгондор карап көргүлө сөзсүз бир касягы бар.Тастыкталбаган маалымат тарата бербегиле.Баары жайында элэго!!!
29.11.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
shumkar.kg, Сен уйундо жылуу даяр нанды жеп жатып алып. Суйлоп жатасында))
29.11.2017. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gute,эмнеге антип ойлойсуң?андай эмес талаалап иштеп жүргөнүмө быйыл 8 жылдын жүзү болду.
29.11.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Неге Европадан көп
29.11.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Syn4y,анткени ал Европа
29.11.2017. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Syn4y,европада кызыктуу оюн коргозчу курама командалар коп ошон учун
29.11.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текшеруу футболго эмес Аша братка айткыла буюрса ЧМ эн сонун отот Россияда бир оюнга билет алам созсуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: