super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Бизде этика деген нерсе эмнеге төмөн?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бизде этика деген нерсе эмнеге төмөн?" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Мен азыр Орусиядамын. Бул жерде тааныбаган адамга чоңсунбу, кичинесиңби, селсаяксыңбы, мектеп окуучусусуңбу, "сиз" деп кайрылышат. Чет элдик кинолордо деле "сиз" деп сүйлөшкөндөрүн көрүп жүрөм. Ал эми бизде андай эмес. Баары эле керсейишет. Ошол эле бир мамлекетте чогуу жашап жүргөн өзбек туугандар да бизге караганда сылык келишерин баарыбыз билебиз. Биз, кыргыздар эмнеге оройбуз? Чөнтөккө кичине акча түшүп калса эле башкаларга "сен" деп кайрылабыз. Негизи тааныбаган адам сенден улуубу, кичинеби, "сиз" деп кайрылуу - бул сенин адамгерчиликтүүлүгүң, тартиптүүлүгүң болуп эсептелет. Кыргыздардын арасында этика нормалары эмнеге төмөн? Кантип элдерди этикага үйрөтүү керек?" - деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кыргыздардын жаңы образын түзүү керек".
"Чынында кыргыздар аябай катаал келишет. Бул темада сөзсүз эле "сиз" деп кайрыла турган кеп жөнүндө эмес, негизги этиканы айтып кетсек жакшы болмок. Бизде, мисалы, эч ким рахмат айтпайт же "кечиресиз" деп сүйлөгөндөрдү уга элекмин. Маршруткада бир чоң эле киши бутумду тепселеп алды, анан кечирим сурайт го дегенсип карасам, кайра башкача карайт".
"Сен таза болсоң, мен таза болсом - коом таза болот. Өзүбүздөн баштап, жакындарыбызга жакшы өрнөк болсок, улууну урматтап, кичүүнү ызааттасак, баары жакшы болот".
"Сыйдан кетсең да сылыктыктан кетпе" деген сөз бар. Ар бир улуттун өзүнүн мүнөзү бар, ошого жараша биз бир аз орой экенибиз чын. Этика, адептүүлүк нормалары бир эле "сиз" менен чектелбейт, бирок ошондон башталат".
"Менин оюмча, баары кайдыгерликтен башталса керек, "эл эмне десе ошо десин, өзүм билем" деп кол шилтеп коймойдон, анан да өзүн сыйлабагандыктан. Өзүн сыйлабаган, өзүнүн кадырын билбеген адам башкаларды эч качан сыйлабайт да".
"Этиканы балага жашынан - үйдөн үйрөтсөк жакшы болмок. Улууларга "сиз" деп кайрылуу, учурашуу, сөгүнбөө, түкүрбөө, тамак ичүү адеби, эшикти тыкылдатып кирүү деген сыяктуу. Булар майда барат эле нерселер, бирок өтө маанилүү".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
29.11.2017. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргыздар өзү негизи 'наглый калкпыз ' Мага жакпайт мисалы жөн эле жолдо баратсан түртүп өтүп. Маршруткада тебелеп кетип. Москвада андай жок. Кечирим сурайт. Көп адамдар менен иштешкенге сылык болуп көп нерсеге үйрөттү Москва. Тебелемек турсун колуң тийип кетсе кечирим сурайсың. Кыргыздар этиканы билбейт кимге кандай мамиле кылуу керек. Эркектер түкүрүнүп балит,самсаалап ош базарда үйүлүп эле 'бездельники' Кыргызстандын бекерчилери санын көбөйтүп жүрүшөт да. Тытынган аялар...
29.11.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвада магазинге кирип калдым момо-жемиш саткан жерден отуп баратсам бир чон эле байке ме мыногуну аччы дейт(одн пакетти) аябай нерв болдум,сен мага кимсин барчы дегим эле келди.Бирок унчукпай отуп кеттим.
29.11.2017. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде чон байкелер жаш кыздарга (жамбашын кара,шокаладко) деген тартипсиз создору жакпайт! Беш кол тен эмес,кыздардын бир экоосу ачык кийинсе баары ошондой эмес да(мисалы менин куйоом бар) ушундай создорду уксам нерв болом!Анан да баары жыргаганынан келген эмес Москвага.СЫЙ МАМИЛЕДЕ журсок жакшы эмеспи тытышпай!
29.11.2017. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Этика,эстетика,мароль,нравалык жактан олуп эле калганбызда жогоркулардын созуно кошулам.баардык нерсе уядан башталышы керек,озун озу алып журуу эрежесин билбегендерди корсом кыжырым кайнайт,корбогондун коргону курусун деген созда бекеринен чыкбаптыр кичине акча кармап суйлоп,басканы такыр эле башкача болуп калганын озун Кароль каролева сезгендер канча!
29.11.2017. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озу негизи кыргыздар начар эл келебиз, бардыгы эмес арасында бар жамандары, бирок ошол жамандары кобуроок.
30.11.2017. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Конечно нет бугун эле Москвада магазинге кирсем кыргыз эже экен саламатсызбы эже деп кирсем что что надо дейт го апеей да ушундайбы бул жагы дееп кала бердим
30.11.2017. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Paolo,Москвада жумуш ордунда кыргызча суйлосон штраф аласын себеби СБ деген нерсеси бар суйлогон созунду угуп эле мойнуна коюп коет. Биз Москвага акча иштегени келгенбиз кандайсын жакшысынбы деп сени менен жомок айтышып олтуруп штраф алгысы келбейт да. Мен кассада олтурамын бир кыргыз киши келет жалжактап супермаркет менен бир болуп суйлоп арак алат анан айттым экообуз Кыргызстанга барып жомок айтышабыз деп тыйып койдум
30.11.2017. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazgul1905,макул дечи орусча суйлой берсин учурашып койсо деле болмок да
30.11.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazgul1905, мен жомок айтышайын деген деле ниетим жок эле озу
30.11.2017. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен Сахалинде үч жылдан бери таксист болуп иштейм, жыйырма кыргыз чыкса пассажир болуп ошонун он тогузу учурашпайт, орустар тескерисинче бирөө учурашпайт. Аябай өөн учурайт ушул нерсе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: