Женнаро Гаттузо италиялык "Милан" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болду

Италиялык "Милан" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу алмашты. Винченцо Монтелланын ордуна Женнаро Гаттузо дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Футбол боюнча Италия чемпиондугунун 14 турунун жыйынтыгында "Милан" 20 упай топтоп турнирдик жадыбалда 7-орунда жайгашууда. Бул жыйынтыкка нааразы болгон клубдун жетекчилиги башкы машыктыруучу Монтелланы кызматтан кетирип, анын ордуна Женнаро Гаттузону дайындоону туура көрдү.
Айта кетсек, Монтелла "Милан" клубунда 2016-жылдын жай мезгилинен тарта машыктырып баштаган.
Ал эми Женнаро Гаттузо 1999-2012-жылдары "Милан" клубунда жарым коргоочу позициясында ойногон. Клуб менен Гаттузо 2 жолу өлкө чемпиондугун, 1 жолу Италия кубогун жана 2 жолу Италия Суперкубогун жеңген. Гаттузо футболдук карьерасын жыйынтыктаган соң "Миландын" жаштар курама командасынын машыктыруучусу болгон.

2013-жылы швейцариянын Сьон командасында бир убакта тренерда жана оюнчуда болгон
2014-жылы италиянын Палермо командасын жетектеген
2015-жылы грециянын Офи командасында тренер болгон
2 жолку европанын лига чемпионатында женуучу болгон 2003, 2007-жылдары