super.kg logo

Кош бойлуу студенттер мындан ары Бишкек мэриясынан стипендия албайт

 

Кош бойлуу студенттерге мындан ары Бишкек мэриясы тарабынан стипендия берилбейт. Мындай чечим бүгүн, 29-ноябрда Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынганын SUPER.KG'ге шаардык кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Аз камсыз болгон жана Бишкек мэриясынан жеңилдиктерге ээ болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү" боюнча токтомго өзгөртүү киргизилет. Өзгөртүү кош бойлуу студенттерди стипендиядан ажыратуу максатын көздөйт.

"Мындай чечим Жогорку Кеңеш тарабынан жакында кабыл алынган "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамга байланыштуу болуп жатат. Анткени мыйзамда жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Буга чейин кош бойлуу 38 студент квартал сайын мэриядан 1200 сомдон стипендия алып келген", - деп айтылат маалыматта.

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамга ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул, ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сомдон берилет. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(17)
29.11.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
айына 400сомдон 38 студентке берип жаткан экенсинерда каап,бюджет антарылып калган турбайбы ушул сумма менен!!!
Булар эртен торосо 4000с берсек коп кетип калат дегенинерго,уят эле.
Россияда ар экинчи наристесин торогонго 450 000р материнский капитал,учунчу балага мериядан 350 000 р берет экен.
Уят,просто позор!!!
Бул сумма бир чондун обедде ичкен чайына да тен эмес экен озу!!!
29.11.2017. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
madina.87,aiyna 1200 dpn berilip jatkan dep turatko kaidagy 400 somdu chygaryp aldynyz
29.11.2017. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Adi.Avazbekov,квартал сайын деп турбайбы 400 болбой анан канча болот эле
30.11.2017. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adi.Avazbekov,Кварталды билбесен,тушунду
барып сууга айт!!!
29.11.2017. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото коп берип коюпсунар да каап жаман иш болгон тура. Тез арада токтотбосонор болбой мэрия. Эртерээк аракет кылгыла
29.11.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аа байкуштар.айына 400 дегенден уялышып кварталга 1200 деп.Антип законунарды озгортпой эле.силер айтмакчы кварталга эле 1200 дон бере берсенер болмок.торогондон кийин 4000. уйкаштырып койушкандарын дагы.
29.11.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра эле карапайым адамдарга кыйын бир тааныш эженин 6 баласы бар баарына 4800 пособие алат эле, эми 3 жашка чейинки 2 баласы бар экооно 1400 алса, калган тортооно 500дон 2000 болот экен баары биригип 3400 болот. Ал кантип жетет балдарына .
29.11.2017. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээн эле уят нерсе, кобойткондун ордуна азайтып байдыкын байкуш кызганат боло берет кыргыздар. 4000Сомду бир эле ужинге жумшап коесунар чондор.
29.11.2017. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кантип болсун!
Окууну буткучо торбойле коюш кереккендаа!
30.11.2017. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле торолгон балага жолок пул АЙЫНА 500сом деп, ушул акчага эки кл эт деле келбейт
30.11.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берчи беле эмне? Биринчи угушум чын.
30.11.2017. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо баарына тегиз берет экен да ээ,башта бир тоогу да жок уй-булолорго берет эле пособия,ошондо да байлар эч нерсем жок деп документ туурлап чуркап журуп алышат эле. Баягы эле чындап бир да тоогу жок уй-булолор калып кетет эле,документ жыйнаганга акча таппай
30.11.2017. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пенсия деле бербей эле койгула анда тазза кыйналыпсынар БАЙКУШТАР десе
30.11.2017. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийликтегилердин назарынын пастыга ошо кичинекей акчаны кызгандыбы ей тооба Орусия канча карыздарды кечип эле коюп жатат го тем более ботон Эл а бул жеп жутаарлар оз элинен кичинекей акчаны кызганышат
30.11.2017. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлик ушул даражага жетип калганы окундурот
30.11.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stels, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
30.11.2017. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Paolo, кыргыз тилинде жазууну сунуштайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: