super.kg logo

Испанияда Владимир Путин тууралуу китеп жарык көрдү

 

Испаниянын Мадрид шаарында орус президенти Владимир Путин тууралуу китеп жарык көрдү. Мындай маалыматты орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, китептин автору германиялык журналист Хуберт Зайпель. Китеп 3000 нуска менен жарык көрүп, учурда Испаниянын бардык китеп саткан дүкөндөрүндө сатылууда. Анда орус өлкө башчысынын Меркель, Обама, Трамп, кытайлык кесиптештери менен болгон мамилеси жана Украина, Сирия, Крымдын алкагындагы абал тууралуу баяндалган.

Ал эми Орусиянын Испаниядагы элчиси Юрий Корчагиндин айтуусунда, китеп азыркы учурда бир гана Испанияда эмес, Орусия, Германия, Франция, Италия жана башка өлкөлөрдө да сатылууда.

"Бул китеп Испанияга кеңири тараганына кубануудамын. Себеби соңку учурда орус бийлиги жана президенти жөнүндө ар түрдүү ой-пикирлер жайылууда. Путин менен бир да жолу жакындан сүйлөшүп көрбөй, ал адам тууралуу ар кандай ушак-айың айткандарга таң калам. Бул китеп биздин өлкө башчыбызды жакындан билип, аны түшүнүүгө чоң өбөлгө түзөт", - деген ал.

Белгилей кетсек, бул Зайпелдин Путин тууралуу даярдаган алгачкы эмгеги эмес. Буга чейин аталган инсан жөнүндө документалдык фильм тартууласа, кийин "Путин. Бийликтин логикасы" аттуу китеби жарык көргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(1)
30.11.2017. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асманда ай Путин ака бай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: