"Ош базарынан" чыккан өрттөн 25 контейнер, 16 жыгачтан тургузулган курулуш күйүп кетти
1-июнь күнү Бишкектеги “Ош базарынан" чыккан өрттүн кесепетинен 25 контейнер, 16 жыгачтан тургузулган курулуш имараты жана бир нече миң сомдук товар күйүп кетти. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, өрт аталган базардагы “Берекет универсал” соода борборунан чыккан. Аны өчүрүү үчүн 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Саат 20:39да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.