super.kg logo

Бүгүн Жогорку Сот "Заноза" сайтына байланыштуу кассациялык даттанууларды карайт

 

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Сот "Заноза" сайтына байланыштуу үч кассациялык даттанууну карайт.

Биринчиси "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованын маалымат жыйын учурунда кулаган учактагы жүк боюнча айткан билдирүүлөрү. Бишкектин Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын доо арызын канааттандырып, кыйраган боинг учагындагы жүк президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык деп айткан "Ата Мекендин" юристтерин 10 миллион сомго, алардын пикирин жарыялаган "Заноза" сайтын 3 миллион сом айыпка жыккан. Аны Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган болчу.

Ал эми экинчиси "Сөз эркиндиги жана тынч жыйналыштар" аталышындагы жыйында Чолпон Жакупованын айткан сөздөрү боюнча. Анда ал "Президент журналисттерге асылып алды. Сот бүтө электе эле акчаны каякка берерин айтып жатат. Кайдан билет утарын же утпасын" деген болчу. "Заноза" сайты Жакупованын сөзү боюнча макала жазган. Башкы прокуратура Нарын Айыпка, Дина Масловага, Чолпон Жакупова жана "Заноза" сайтына 3 миллион сомдон доо койгон. Аны райондук жана шаардык сот канааттандырган.

Үчүнчүсү болсо Нарын Айыптын эки макаласы боюнча Башкы прокуратуранын доо арызы. Октябрь райондук соту "Заноза" сайтын 3 миллион сомго, Нарын Айыпты дагы 3 миллион сомго доого жыккан. Бишкек шаардык соту аны өзгөртүүсүз калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: