Депутат Мамашова: "Эки аял алганы үчүн жоопко тартылган бир да жаран жок"

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Айсулуу Мамашова жылына 5 миңден ашык аял алимент сурап арыз жазышканын айтты.
Эл өкүлү көп аялдуулук боюнча мыйзамдын иштөө механизмдерин карап чыгууну сунуштады.
"Өлкөдө нике каттоосуна турбаган аялдар боюнча маселе көп. Жылына 5 миңден ашык аял алимент сурап, арыз жазышат. Анын 60 пайызы төлөнбөйт. Мындай абалда көп аялдуулук боюнча сөз болбошу керек. Эмне үчүн дин өкүлдөрү Кудай, аял жана балдардын алдындагы аталардын жоопкерчилигин айтып, бул маселени көтөрүшпөйт? Эки аял алганы үчүн жоопко тартылган бир да жаран жок. Бул мырзалардын сыймыктануучу сөзүнө айланды. Көп аялдуулукка каршы мыйзам жансыз, иштебейт. Аргасыз экинчи аял болууга макул болгон аялдын маселесинин динге тиешеси жок. Бул материалдык, социалдык маселе. Мен көп аялдуулук боюнча мыйзамдын иштөө механизмдерин кайра карап чыгууну сунуштайм", - деди Мамашова.



Канчалаган депутаты же жөнөкөй жараны болсун, канчалаган кыздардын тагдырын талкалап, каалагандай калчап, кээ бирин өлтүрүп, өлгөнүн тоң биллекке салып жаап коюп жатышат, ошол эле сиз менен кошо олтурган ак үйдөгү кесиптештериңиз. Ошол учурларда кайда элеңиз?
Баары келип мыйзамдын иштешине такалат... Чубак ажынар СССР убагында 2 катын эмес бирмкатынга аран уйлонмок!!! Эми эле мыйзамды эч ким тоготпой калды, баары билгенин кылып...
Бул болсо мамлекеттин чогуп бара жатканын тушундурот...
Кай жерде жазылып турат, аялдары эки башка уйдо жашаса, биринчи аялы арыз менен кайрылбаса кылмыш жообуна тартылбайт деп?!!
Кытай, туркту тандаган женил ойлуу кыздарыбыз кыргызымдын эркектерине биринчи болуп тийуудон баш тартып, кытай, турктордун акчасына адгырылып жатса, анан экинчи болуп тиймек беле?!
Эркектер эки катын алса эле миграция маселеси чечилип эл талаалабай калат бекен?!! Чубак ажын экоон ойлонуп анан суйлодунорбу же бул жагы Атамбаевчесинен балп эттирмеби?!!
Сиз негативке толгон аң сезимиңизди өзгөртсөңүз жакшы болмок. Сиз өзүңүздөгү ой жүгуртү, жетиштү билимди, жакшы иштерге же жакшы нерселерге эмес, каяктагы болбогон аягы жакшылыкка алып келбеген нерселерге пайдаланып жазып жатасыз. Акыретте ар бир сүйлөгөн сөзгө, ат коюп шылдыңдоолоруңузга да жооп бересиз, эске ала жүрсөңүз.Адамдын адамдык сапатына асылуу, сиздин ким экениңизди далилдейт.
2 аял алуунун пайдасы коппу же зыяны коппу?!!
Чубак ажы экоон 2 аял алуу менен сойкулукту, миграция маселесин кантип чечесинер?!!
2 аял алуу менен кыргыз кыздары кытай, турктор менен журбой калат имиш.. Кантип, вряд ли...