super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн жана эртең Сочиде Сапар Исаков ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат

 

Премьер-министр Сапар Исаков 30-ноябрь-1-декабрь аралыгында Орусиянын Сочи шаарында өтчү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин 16-жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчынын ШКУ ӨБК кеңешинин жыйынына катышуу алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, жыйындар тар жана кеңейтилген курамда өтөт, анда ШКУга мүчө мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча чаралар, ШКУга мүчө мамлекеттердин ар тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын аткаруу боюнча иш-чаралар планынын ишке ашырылышы, 2017-2021-жылдарга Уюм алкагында долбоордук ишти мындан ары өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы, ШКУ алкагындагы долбоордук иштерди финансылык жактан камсыздоо механизмдери жана башка маселелер талкууланмакчы.

Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлушу пландаштырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: