super.kg logo

ӨКМӨТ ЖООП БЕРЕТ: "2018-жылдан баштап балага төрөлгөндө сүйүнчү, 3 жашка чейин жөлөк пул, 16 жашка чейин көмөк акча берилет"

 

Эми өлкөдөгү бардык үй-бүлөлөр социалдык абалына карабай балдарына жөлөк пул, сүйүнчү жана көмөк акча ала алышат. Жөлөк пул, сүйүнчү жана көмөк акчалардын берилиши жөнүндө SUPER.KG порталына Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын башчысы Жыпара Рысбекова түшүндүрүп берди.

Ал белгилегендей, Жогорку Кеңеш тарабынан жакында кабыл алынган "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамы 2018-жылдын 1-январынан баштап ишке кирет.

"Буга чейин жөлөк пулдар жөнүндө көптөгөн нааразычылыктар айтылып келген. Үй-бүлөнүн кирешеси, малы, унаасы жана башкалар эске алынып комиссиянын чечими менен жөлөк пул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чектелчү. Мындан улам үй-бүлөнүн балдарын камсыздоого, үй-бүлөлөрдү бекемдөөгө, балдардын ата-энеси менен чогуу өсүүсүнө салым кошуу максатында ар бир үй-бүлөгө жөлөк пул чыгарылат. Мындай жол менен энелер балдарын өтө кичинекей чагынан таштап жумушка чыкпоосунун алдын алабыз. Жергиликтүү социалдык коргоо бөлүмдөрүндөгү мыйзамсыз иш-аракеттер жоюлат", - деди Рысбекова.

СҮЙҮНЧҮ АКЧА ЖӨНҮНДӨ

2018-жылдын 1-январынан тартып ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайдын үй-бүлөсүнө 4 миң сом өлчөмүндөгү сүйүнчү акча берилет. Ал баланын ата-энесинин канчанчы баласы экенинен көз каранды эмес, ар бир ымыркайга бериле турган акча. Бирок эгер баланын ата-энеси ымыркайды балдар үйүнө өткөрүп берүүнү чечсе сүйүнчү акча берилбейт. Сүйүнчү акча - ар бир төрөлгөн ымыркайга бир жолу берилүүчү каражат.

ЖӨЛӨК ПУЛДАР 3 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРГА БЕРИЛЕТ

Кыргыз өлкөсүндөгү ар бир балага төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин ай сайын 700 сомдон (жети жүз) жөлөк пул берилет. Эми үй-бүлөнүн социалдык абалы, тапкан кирешеси текшерүүгө алынбайт. 700 сомдон жөлөк пул - ар бир 3 жашка чейинки балдарга текши берилүүчү каражат.

"ҮЙ-БҮЛӨГӨ КӨМӨК" АКЧА КИМГЕ БЕРИЛЕТ?

Эгер сиздин 3 же андан көп балаңыз бар болсо "Үй-бүлөгө көмөк" акчасын ала аласыз. Анын тиешелүү шарттары бар. "Үй-бүлөгө көмөк" акчасы көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо максатында берилгендиктен 1-2-балдарга чыгарылбайт. 3-балаңыздан баштап 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарыңызга ай сайын 500 сомдон көмөк акча чектелет. Көмөк акча балдарыңыз 16 жашка толгондон кийин токтотулат. Көмөк акча үй-бүлөнүн социалдык абалына карабай, текши берилет. (Мисалы: Сиздин 5 балаңыз болсо улуу эки балаңызга көмөк акча чыгарылбайт. 3-4-5-балаңызга 3 жаштан 16 жашка чыкканга чейин ай сайын 500 сомдон көмөк акча ала аласыз).

АТА-ЭНЕДЕН ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

2018-жылдын 1-иш күнүнөн тартып ата-энелер жашаган жеринен (катталган эмес, жашаган жеринен) маалым кат, өздөрүнүн паспортторунун жана балдардын күбөлүгүн алып өзү жашаган аймактын социалдык коргоо башкармалыктарына кайрылуусу керек. 10 күндүн ичинде сиз тапшырган документтер катталып, талаптарга жооп берсе кийинки айдан тартып тиешелүү жөлөк пул же көмөк ачка бериле баштайт. Акчалар банк аркылуу которулат. Эгерде банкоматтар жок аймак болсо, почта аркылуу берилет. Жаралган бардык суроолор боюнча өзүңүз жашаган аймактагы райондук, аймактык социалдык коргоо бөлүмдөрүнө кайрылсаңыздар болот.

2017-жылы социалдык жөлөк пулдар, майыптуулук боюнча жөлөк пулдар, ата-энеси жок балдарга берилүүчү каражат жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пулдар үчүн жалпы 6 миллиард 200 миң сом бөлүнгөн. Ал эми келе жаткан 2018-жылга бул үчүн 7 миллиард 900 миң сом каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(29)
30.11.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы жанылык.
syd.adilet түзөттү 2017-11-30 13:24:35
30.11.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир областтан экинчи областка , кочуп учетко туруу алмашылса кандай болот экен .
30.11.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаш уй-булоолорго аз да болсо стимул жок дегенде жалайыктарына сарпташат.
30.11.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо жөлөк пул 3 жаштан өткөн балдарга берилбейт бекен
30.11.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин 5 балам бар, кичинекей экоо 11 айлык. Калгандары 4, 7, 8 жашта.Ошондо Мен кичинекей экооно жолок пул жана комок акча чогуу аламбы? 1,2 балдарына берилбейт дейтго комок акча...? Админ тушундуруп беринизчи сураныч
30.11.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Milanbek, менин тушунугумдо 2 баланарга 700 сомдон жолок пул, 3 баланарга 500 сомдон комок акча берилет. Кичинекей экоо 3 жашка толгондо 700 сомдон эмес, 500 сомдон алып башташат...
Too-tash түзөттү 2017-11-30 13:58:18
30.11.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Milanbek, 11 айлык 2 баланызга 700 сомдон жөлөк пул аласыз. 8-7 жаштагы 1-2-балаңызга акча чыгарылбайт. 3-баланызга ай сайын 500 сомдон көмөк акча аласыз.
30.11.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин да беш балам бар. Бироосу учко чыга элек. Менин тушунугум боюнча уч балама алат экенмин да ээ
30.11.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
datkayimjan, эгер 5 баланардын бироо 3 жашеа чейинки, калган тортоо 3-16 жаш аралыгында болсо, кичуу баланарга 700 сом жолок пул, калган тортооно 500 сомдон комок акча берилет. Ошондо Окмоттон ай сайын 2700 сом жардам ала аласынар...
17.12.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
datkayimjan,3ко чыга элек баланызга 700 сом жолок пул,16 жашка чыга элек 4-5 баланызга айына 500 сомдон, 1000 сом аласыз. Айына 1700 алат экенсиз.
30.11.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык...
30.11.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул чын эле болгон болсун да же дагы уйу барлар машинеси барлар албайт десе олду
30.11.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баштагыда 2 балама кайнатамын машинеси болгон учун чыгар алган эмес элем
30.11.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы болуптур, баарыбыз тегиз алат экенбиз мурункусунда адилеттуулук болбой калчу эле
30.11.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда торолуп бирок Кыргызстандын жараны болгон балдарга берилеби жана эгерде мен 1-январьга чейин торосом суйунчу пул берилеби же 1-январьдан кийин торолгондорго береби? Жооп берип коюнуздарчы сураныч.
01.12.2017. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tatyna9119,1 январьга чейин торосонор берилбейт
06.12.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervamyn,
17.12.2017. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervamyn, эмнеге берилбей?! Берилет эле
30.11.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер ата энесинин закс жок болсо деле берет бекен. Админ сурап бериниздерчи сураныч.?
17.12.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
airus879015,берилет
30.11.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми Кыргызстан озуно келе баштады ушундай жанылык жазсанар.
30.11.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш баласы болсо анын учооно эле толонсо бул эмне деген шумдук,элди алдамай. Азыр беш балалуулар айына 4500сом алышат,2018жылдан баштап 1500сом алса бул эмнеге жетет бир кап ун аран келет. Кечээ эле айылдагылар кейип жаткан чогулуш болду бир уйдо 7 баланар болсо анын экооно чыкпайт деди андан коро мурунку эле жакшы болчу дешип. Окмот элди алдап курутуп эми жаш наристелерге бериле турган акчага да кол сала баштапсынар айла жок экен силерге,мин наалат.
30.11.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айыл жергесинде иш жок жалан пасобияга карап айдан айга магазинчилерге карыз болуп жашашат,бир чиновниктин алган айлыгы бир айга озуно жетпей жатса карапайым элдин бир балага алган 500сому эмнеге жетет. Жок дегенде жалпы эле 16 жашка чейин берилет десенер болмок экен . Бир уйдо 5 баланын 3ооно берилет дейсинер калган экоо эмне жерден чыга калды беле,наристелерди арзыбаган акчанар менен алакчылабагыла ушуну ким иштеп чыкса ошого наалат.
30.11.2017. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда суйунчу пулдун озу 15 20 мин. А москванын озундо болсо 50 60 мин. А вам слабо наши чиновники?
almanbetperm түзөттү 2017-11-30 23:24:38
30.11.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мейли жоктон коро жогору, жарым памперсибизге чыгып турат экен. Тиги 4000 болсо врачтарга бергенди жабат экен) ай алдабай берсенер анан)))
01.12.2017. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда тороло турган балдардан кандай документ керектелет? Биз москва шаарындабыз кимге кайрылсак болот? Админ жооп алып бериниздерчи
01.12.2017. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы болуптур,эки пачка памперске жете турган акча экен)Уят эле,Кыргызстан мамлекети оз жарандарына 2памперс алганга жете турган акча берет)ар айда)Россиялап бергенде чондордун чонтогу куру калмак.Мейли эми ушунуса да шугур дейли.Соц работниктер ото копол келишет,баардык документи топтоп козуно чукуп корсотсон да соссуз бир нерсе табат да отказ кылат.Как будто пособиени оз чонтогунон толоп жатышаи,тооба.
17.12.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervamyn,бир пачка памперс 2000 сомбу?
03.01.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2018жылдан баштап жолок пулдар комок акча бериле турган болдубу документерди кабыл ала баштайбы же умут кылып дагы кала беребизби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: