Активисттер Курманбек Бакиевге ич кийим чогултушту



Бүгүн, 30-ноябрда активисттер Курманбек Бакиевге эки кутуга салынган ич кийимди берип жиберүү үчүн Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына чогулушту. Алар мындай жолго Курманбек Бакиевдин 29-ноябрда Казакстандын телеканалдарынын бирине берген маегинен улам барышканын айтышууда.
Жарандык активист Кеңешбек Көктеңировдун билдиришинче, алар Курманбек Бакиев "2010-жылкы революциядан кийин Кыргыз мамлекетинен чыгып кеткенде эч нерсе алып кеткен эмесмин, керек болсо ич кийимди да тоноп кетишкен" деп айтканына ачууланышууда.
"Бакиевге майка, трусы эле жетишпей жатса, мынакей, эки куту алып келдик. Казакстандын элчилиги аркылуу берип жиберели", - деди Көктеңиров.
Ошондой эле Кеңешбек Көктеңиров: "Берген маегинде "Кыргыз мамлекетине келем" деп айтыптыр. Келем деп жатса келсин, бирок жооп берет. Өлкө ал учурда кандай эле, азыр кандай болуп өзгөргөнүн келип көрсүн", - деди.
Активисттер Курманбек Бакиевге майка, трусы чогултушту



Ошол 2 кутунун бирин бай атанарга бергиле, кийип журсун.....
Анчалык эле акчанар коп берешен болсонор жетим жесирлерге кайрылышкыла.
Гиминде Ак монгулуу аска зоолор талаалар,элибиздин жаны менен барабар.;деп жазылган. Ошол элибиздин жаны менен барабар болгон монгуну талкалоого уруксат берди.Андай кыйын экенсинер,чыкпайсынарбы монгуну коргоп калганы.Айылга кулаган самалет канча адамдын омурун кыйды.Кыйын болсонор жуктун ээси ким болчу таап жазала деп чыкпайсынарбы?Манкурттар мээнер эч нерсеге жетпегенден кийин,кысчуу жеринерди кыскы