Теннисчи Мария Шарапованын колун түркиялык күйөрманы мелдеш учурунда сурады

Окуя Стамбулда өткөн теннис боюнча мелдеш учурунда катталган. Тактап айтканда, Шарапова түрк теннисчиси Чаглу Буюкакчай менен беттешке чыкканда түркиялык күйөрманы трибунага чыгып, орус теннисчисинин колун сураган. Мария Шарапова бул сунушту жылмаюу менен кабыл алып, "балким" деген жооп узаткан.
Белгилей кетсек, орус теннисчисинин жүрөгү бош эмес. Анткени мындан 2 ай мурун оң колунун аты-жок манжасына тагылган шакегин күйөрмандарына көрсөткөн. Алдын ала божомолдорго таянсак, анын болочоктогу жолдошу 32 жаштагы жарышчы Льюис Хэмилтон.
Күйөрманы Мария Шарапованын колун сурады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Хэмилтон экоо жакшы жуп (пара) болушу мумкун...
Дини башкадан алып ислам динине откорсо кандай гана сонун...