super.kg logo

Ким Кардашьян Ольга Бузованын "чаңында" калды. Инстаграмдагы кароолордун рейтинги чыкты

 

Орустун белгилүү алып баруучу жана ырчысы Ольга Бузова менен америкалык модель, актриса Ким Кардашьянды окшоштургандар жок эмес. Себеби экөө тең реалити-шоу аркылуу эл оозуна алынып, күйөрман чогултушкан. Экөө тең элдин көңүл борборунда болуп, ар түрдүү талкуу жараткан жүрүм-турумдары менен белгилүү. А бирок социалдык тармакка жүктөгөн Stories (24 сааттын ичинде гана көрүүгө боло турган видео жана фотолор) боюнча эң көп кароого ээ болуу жагынан Бузова Кардашьянды артка калтырган. Чынында бул көрүнүш интернет колдонуучуларын таң калтырбай койгон жок. Анткени орус алып баруучусунун 11 миллион катталуучусу болсо, америкалык актрисаныкы 104 миллион. Ошентсе да Бузованын күн сайын жок дегенде 30, ал эми Кардашьян ашып кетсе 3 видео жүктөй турганын эске алганда мындай көрсөткүчкө ишенсе болот.

2017-жылы социалдык тармактагы Stories эң көп каралган алдынкы ондуктун тизмеси:

1. Леле Понс - интернет жылдызы;

2. Неймар - футболчу;

3. Ольга Бузова - орусиялык алып баруучу, ырчы;

4. Ким Кардашьян - америкалык актриса жана модель;

5. Аманда Черни - блоггер, модель;

6. Кьяра Ферраньи - блоггер;

7. Малума - колумбиялык ырчы, композитор;

8. Анитта - ырчы;

9. Ариана Гранде - америкалык ырчы, актриса;

10. Кортни Кардашьян - реалити-шоу жылдызы;

Белгилей кетсек, кечээ, 29-ноябрда жыл аяктап бара жаткандыгына байланыштуу интернеттеги социалдык тармактын эң активдүү жана популярдуу колдонуучулары аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.11.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирдиктерди да аныктасаңар.
30.11.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не холодно не жарко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: