super.kg logo

Мамлекеттик тил комиссиясы: "Министрликтердеги иш кагаздардын 17 пайызы гана кыргыз тилинде жүргүзүлөт"

 
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев

Өлкөдөгү 12 министрликтин 17-20 пайыз гана иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Мындай маалыматты бүгүн, 30-ноябрда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев илимий-практикалык конференцияда билдирди.

"Өткөн жылы 12 министрликке мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгында алардын 17-20 пайыз иш кагаздары гана мамлекеттик тилде ишке ашырылары аныкталды. Калган 80-85 пайыз иш кагаздар расмий - орус тилинде ишке ашат. "Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын" алкагында мамлекеттик мекемелердин иш кагаздарын 40-50 пайызга улуттук тилде жүргүзүү аракеттери көрүлүүдө", - деди ал.

Аталган программанын билим берүү мекемелеринде аткарылышы, көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу талкууланган иш-чарада кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн ири программалар кабыл алынганы менен каржыланбагандыктан ишке ашпай жаткандыгы айтылды. Ошол эле учурда Кыргыз улуттук илимдер академиясына кыргыз тили тууралуу баалуу маалыматтарды топтоштуруу, жазуу үчүн ири каражат бөлүнгөн.

"Мындан сырткары Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 8 миллион сом бөлүнүп берилген. Бул каражат дүйнөлүк классикалык адабияттарды кыргыз тилине которуп китеп чыгарууга, кыргыз тилиндеги балдар адабиятын көбөйтүүгө жумшалат. Мындан тышкары чыгармаларды сайттарга жайгаштыруу ишке ашырылат. Мектептерде, жогорку окуу жайларда кыргыз тилиндеги китептердин жетиштүү болушун камсыздоо үчүн окуу жылынын башында кыргыз тилиндеги 80 китеп жарык көрдү. Мамлекеттик программанын талабына ылайык, 2020-жылы өлкөдөгү мамлекеттик ишканалар толук түрдө кыргыз тилине өтүшү керек", - деп кошумчалады Ишекеев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.11.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы биринчи жанагы соттордон башташ керек сот процессинде орусча сүйлө дегендерден.
30.11.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачаны болбогон нерселерге чыгымдабай эле мамлекеттик кызматтарга кыргыз тилин билуу деген катуу талап болгондо коногубуз бий болбой калмак. Улут болсон тилин менен улутсун! Бизден башка оз тилинен уялган, оз тилин 2сорт кылган мамлекет башка жакта жок болсо керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: