super.kg logo

Депутат өкмөткө: "Манас" деген коньяк чыгардык, "Атамбай" деген арак чыгып жатат, эртең бирөө "Сооронбай" деген арак чыгарып алса эмне кыласыңар?"

 

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт тарабынан сунушталган "Жарнак жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Анда жашы жете электерди коргоо максатында спирттик ичимдиктерди жарнак аркылуу жайылтууга бөгөт коюу сунушталган. Депутат Рыскелди Момбеков өкмөттү мындан башка маанилүү учурларга көңүл бурууга чакырды.

"Бул мыйзамдын тышы эле жалтырак. Силер жашы жете электерди коргоо максатында спирттик ичимдиктерди жарнак аркылуу жайылтууга бөгөт коюу керек деп айтып жатасыздар. Башка коргой турган маселе көп. Мисалы, бүгүн коньяктын аты "Манас", "Семетей", "Сейтек", арактын аты "Президент", тамекинин аты "Парламент". Бишкектин көчөлөрү Советский, Киевский, эс алуу бактары Фучик, Панфилов. Ал эми кафелердин баары "Омар не Хаям", тойканалар "Император", "Сенатор". Кыргыз өлкөсүндө жашап жатканыңдан кыйналып кетесиң. Силер мамлекеттик ишмерлерди, символдорду коргогула", - деди Момбеков.

"Азыр "Атамбай" деген арак чыгып жатат. Эртең дагы бирөө "Сооронбай" деп арак чыгарып алса эмне кыласыңар? "Булардын баары жарнак" деп жамбаштап жата бересиңерби? "Манас" эпосу жөнүндө мыйзам бар. Ал жерде Манас деген термин кайсы жерде колдонулушу керектигин өкмөт аныкташ керек деп турат. Ичкенибиз "Манас" болуп жатпайбы? Силер каякты карап отурасыңар?" - деп сурады депутат.

Андан соң ал өкмөттү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, тарыхый адамдардын атын мазактоого жол бербөөгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(16)
30.11.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Atambai ХХХХ go
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-11-30 16:16:31
30.11.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аша дебептир.мынасы кызык экен омар не хаям
30.11.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mederkg,мен да тангалдым Омар не Хаям дегени болот бекен?Же муну да туура эмес жазып койдунарбы?же чын эле аты ушундайбы?
sanzhar83 түзөттү 2017-11-30 17:01:21
30.11.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sanzhar83,Омар хайям озу не дегенди эмнеге кошкон кызык. Улуу ойчулдун дагы атын булгап
01.12.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adi.Avazbekov,ошо мен дп билет элем Омар Хаям экенин,не дегенине тан калып атпаймынбы.
01.12.2017. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sanzhar83,омар нехаям деген кафе бар мен коргом
30.11.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Манасты жайына койгула, коргош керек.
30.11.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Эмне кылат элек Атамбай болсо Атамбай манас болсо манас сооронбай болсо сооронбай иче беребиз))
30.11.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аты өчсүнчү ушул арамдын.
30.11.2017. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар не хаям Бишкекте Токтогул Орозбеков кочолордун кесилишиндеги кафе
Бухорий ассорти деген да бар
30.11.2017. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат депутат
30.11.2017. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң туура айтыптыр. Депутаттар колдоп берсе өтө жакшы иш болот эле.
30.11.2017. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына эң туура бүгүнкү күндө эң керек маселени козгоптур. Мына ушуларга штраф салыш керек Манас, Семетей, Сейтек, президент деп атың өчкүр арака ат койуп чыгарганы үчүн. Бир бөтөлкөдөн көрүп калдым эле мамилекеттик желектин сүрөтүнүн турганын. Аны эмне арактын бөтөлкөсүнө тартат ал деген мамилекеттин туусу да. Ошолорго да чара көрүү керек. Туунун баркын кетирип арамдын идишине тартканы үчүн.
01.12.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбай деген аракты дасторконго койсон коноктордун кобунун маанайы бузулуп кетет болуш керек же эркектер Атамбайдын балптары жонундо созго киришип кетишет
01.12.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туп туура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: