super.kg logo
  Саясат  

“Ата Мекендин” юристи: “Бир дагы мыйзамда Башкы прокуратура экс-президенттин кызыкчылыгын коргош керек деп жазылган эмес”

 

“Бир дагы мыйзамда Башкы прокуратура экс-президенттин кызыкчылыгын коргош керек деп жазылган эмес”, - деп бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Сотто “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

“Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин президент убагында сотко кайрылган. Өзүнүн доо арызында президенттин кызыкчылыгын колдойбуз деп билдиришкен. 24-ноябрдан баштап Атамбаев президент эмес. Башкы прокуратура президент Сооронбай Жээнбековдун кызыкчылыгын коргошу зарыл. Атамбаев “менин аброюма шек келтирди” деп айта турган болсо, башка жарандарга окшоп жактоочу жалдашы керек. Бир дагы мыйзамда Башкы прокуратура экс-президенттин кызыкчылыгын колдогонго укугу бар деген норма жок”, - деди Токтакунова.

Сот адвокат кассациялык арыз менен кайрылбаганын айтып, ага сөз беришкен жок. Токтакунова соттук отурумдан чыгып кетти.

Эскерте кетсек, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунова маалымат жыйын учурунда кулаган учактагы жүк Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык деп айткан. Бишкектин Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын доо арызын канааттандырып, "Ата Мекендин" юристтерин 10 миллион сомго, алардын пикирин жарыялаган "Заноза" сайтын 3 миллион сом айыпка жыккан. Аны Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: