Бишкек ШИИББи: "Чубак Жалиловдун экинчи аял алганы тууралуу билдирүүсү боюнча текшерүү жүрөт"
Чубак ажынын экинчи аял алганы тууралуу билдирүүсү боюнча текшерүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул иш боюнча кандайдыр бир чараларды көргөнгө эч кимден арыз түшкөн жок. Бирок анын айтканы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин диний ишмер Чубак Жалилов элден келген суроолорго жооп берип жатып, экинчи аял алганын айткан. Бул маалыматты ал SUPER.KG порталына да тастыктаган болчу.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.


Кыргыздарда керек болсо. Бир туугандардын арасындаагы абысындардын арасында. Канча кеп болот. Кундоштордун арасында. Жек коруучулук сезим кучойт. Кыргыздын бир жакшы татуу уйбулосу болуусу керек. Мээрим тогуп жашап. Карылыкта бактылуу карылыкты корсун. Эртен бул кетсе, мал м
Мыйзамды буздубу, жазасын алыш керек... Же Чубак ажыныкы акпы?!!