super.kg logo
  Саясат  

Жээнбеков Назарбаев менен жолугушуп, бир чечимге келишкени айтылды

 

Бүгүн, 30-ноябрда Беларуста өтүп жаткан саммитте Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Президенттер эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу маселелерин талкуулашты. Назарбаевдин айтымында, чек арада эки жактан көзөмөл коюу боюнча чечим кабыл алынды. Мындан тышкары ал Кытай менен чек арада да текшерүү боло турганын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти менен бардык маселелер боюнча пикир алмашып, бир чечимге келишкенин айтты. "Эки өлкөнүн өкмөттөрү декабрь айынын ичинде жол картасын иштеп бүтүш керек. Ошондо маселелердин көбү чечилет. Чек ара жол картасы бекитилгенге чейин ачылат", - деди Жээнбеков.

Айта кетсек, Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар ушул жылдын 10-октябрында жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 44 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: