super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

 
Кыргыз шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов

Бүгүн, 30-ноябрь күнү Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Кыргыз шахмат федерациясынын президенти Мирлан Турпанов билдирди.

Анын айтымында, мелдешке жалпы 51 өспүрүм катышкан.

"Кыргыз Республикасында шахмат боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында мелдеш 2-жолу өттү. Ага өлкөнүн бардык аймагынан жалпы 51 шахматчы катышты. Мелдеш кызыктуу жана жогорку деңгээлде өттү. Мелдештин негизги максаттары - бул биримдик жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуу", - дейт Мирлан Турпанов.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Угуу, сүйлөөдө мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында (18 жашка чейинки балдар арасында)

1-орун: Бексултан Кудайбергенов;

2-орун: Нуртилек Мамжусупов;

3-орун: Камчыбек Макенов.

14 жашка чейинки балдар арасында:

1-орун: Тилеген Рахатбеков;

2-орун: Бектур Таланбек уулу;

3-орун: Бекжан Мирлан уулу.

Кыздар арасында:

1-орун: Сабина Карыбекова;

2-орун: Бактыгүл Муратбек кызы;

3-орун: Үмүтай Батыркулова.

Көрүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында (8 жашка чейинки балдар арасында)

1-орун: Замир Кумарбай уулу;

2-орун: Кылымбек Саматов;

3-орун: Аманат Жумазов.

14 жашка чейинки балдар арасында:

1-орун: Берик Сланов;

2-орун: Алиер Талипжанов;

3-орун: Бакберген Нурбек уулу.

Кыздар арасында:

1-орун: Аэлита Рысбекова;

2-орун: Айжан Кенжебек кызы;

3-орун: Мадина Болотбекова.

Жеңишке болгон умтулуусу үчүн диплом алгандар:

Артур Керимкулов;

Рамазан Бектемир уулу;

Бакдөөлөт Жапаров;

Айтунук Кудайбердиева;

Аяна Кенжебекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.12.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык уюштуруучуларга чоон ыраазычылык.Колдоп балдарыбызга конул болгон учун.Бул Кун биз учун чоон Майрам болду.Менин балам 3 орунду алды, бирок бул жакта аты туура эмес жазылып калыптыр.Бекжан Мирлан уулу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: