super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Бала бакчаларда ата-энелерден чогултулган маалыматтар маалыматтык базаны толуктоо үчүн керек" дейт министрлик

 

Буга чейин "Бала бакчаларда "Таза коом" долбоорун ишке ашырууга керек деп ата-энелер тууралуу жеке маалыматтарды чогултуп жатышат" деп окурман "Элдик кабарга" билдирген. Мунун себебин аныктоо үчүн билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.

"Бул маалыматтар чынында эле "Таза коом" долбоорунун алкагында чогултулуп жатат. Буга чейин деле ата-энелер балдарын мектепке же бала бакчага алып барышканда алардын документтеринин көчүрмөлөрүн чогултуп алышчу. Азыр ошонун баарын топтоп отурбай, бир кагазга эле жазып толтурууну ыңгайлуу деп эсептедик. Ал эми өтө эле ашыкча, майда суроолор кездешет экен дегендер, ал суроолорго жооп бербей эле койсо болот. Анын баарына жооп жазгыла деп мажбурлоого эч кимдин укугу жок. Мунун кереги эмне деген суроо жаралса, азыр маалыматтык базада чынында маалымат өтө аз. Ошону толуктоо үчүн иштелип чыккан. Чогултулган маалыматтар эч кимге берилбейт жана көрсөтүлбөйт. Мындан шектенүүнүн кажети жок", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.11.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектептерде деле маалыматтык база га деп окуучулардын ата энелери
нин документтерин толуктап жатабыз..
30.11.2017. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы жакшы шайлоо отуп кетти.Болбосо добушубузду чогултуп жатат деп айгай салышмак экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: