super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Бишкектеги негизги стадиондо отургучтар чоң мелдештин алдында тазаланып турат"

 

"Элдик кабар" рубрикасына окурман "Бишкектеги негизги стадиондо отурарга таза орун жок" деп билдирген.

"Бул эл аралык деңгээлдеги беттештер. Ушундай беттештерде футболду көргөнү келген көрүүчүлөргө шарт түзүп бербесе да, жок дегенде отургучтарды жууп коюшса болмок. Кайсы жерге отурарыңды билбейсиң. Чымчыктар булгап кеткен, чаңы болсо бир эли. Келген коноктордон уяласың. Ушинтип отурсак өлкөдө спорт өнүкмөк беле?" - дейт окурман.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаев борбордук стадиондогу отургучтар чоң мелдештин алдында тазаланып турат деп билдирди.

"Көп күйөрман келе турган иш-чаралардын алдында стадион толугу менен тазаланып отургучтар жуулат. Ошондой эле аба ырайына байланыштуу стадиондогу отургучтардын абалы начарлоодо. Жайында күнгө күйүп, кышында тоңгондон улам сыныктар пайда болууда. Абалы начар болуп калган отургучтарды атайын түзүлгөн комиссия карап чыгып, аларды алмаштырат. Андан тышкары күйөрмандардын начар тартибин оңдош керек, айрым көрүүчүлөр отургучтардын үстүнө чыгып алышат", - дейт Нурдин Султамбаев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.11.2017. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tazalagany uwulbu. korsotup tursa da moyunga albayt bizdin jetekchilerge soz jok. barakelde uwintip onugup jatabyzgo kagaz juzundo iw jzundo bolso bul korunuw.
30.11.2017. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эч качан мелдештин алдынан тазалабайт калптыда апыртпагылачы туура чан кир болот биро озунор айткандай мелдештин алдынан тазаласанар бир кундо кирдеп чандабайт
30.11.2017. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка маалда уруп да ойнобойбуз дегиле
30.11.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен лично сборныйдын бир да ойунун калтырган эмесмин бирок бир да жолу тазалаганын коргон эмесмин !!! Кайсы бети менен айтып жатат !!!!????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: