ЖЫЛНААМА, 1-ДЕКАБРЬ: 6 жыл мурун Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкен

2011-жылы 1-декабрда шайлоонун негизинде тандалган Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкен.
Алмазбек Атамбаев президенттик антын Кыргыз улуттук филармониясында берген. Салтанатта ага президенттин күбөлүгү, төш белгиси жана штандарты тапшырылган. Жаңы президенттин урматына 7 жолу залп атылып, президенттик кызматка киришүү аземине Түркиянын президенти Абдуллах Гүл, Грузия президенти Михаил Саакашвили, Орусия президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин, Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов, Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов жана Азербайжандын өкмөт башчысы Артур Расизаде баштаган ондон ашуун өлкөдөн коноктор, эл аралык жана аймактык уюмдардын башчылары катышкан.
Алмазбек Атамбаев 2011-жылы Кыргыз президенти катары кызматына киришип, 6 жылдык мөөнөтү бүткөн соң 2017-жылдын 24-ноябрында кызмат ордун шайлоодон жеңип келген Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген.
1-декабрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

