super.kg logo
  Саясат  

Орусия кабыл алган чет өлкөдөн каржыланган ЖМКларын “чет элдик агент” деп таануу боюнча мыйзамга Батыш тынчсызданууда

 

Орусияда чет жактан каржыланган маалымат булактарын “чет элдик агент” деп таануу боюнча мыйзам күчүнө кирди. Бул мыйзам сөз эркиндигине коркунуч жаратышы мүмкүн экенин АКШ жана Европа биримдигине кирген өлкөлөр айтууда. “Чет элдик агент” кандай аныктала турганын Орусиянын Юстиция министрлиги аныктайт. Орусияда катталган ЖМКлар каржы чыгымдарына жооптуу болот.

Бул мыйзамга туш болгон маалымат каражаттарынын катарында АКШ өкмөтүнөн каржыланган "Америка үнү", "Азаттык радиосунун" орус кызматтары жана аларга байланыштуу бир канча медиа-долбоорлор бар. АКШнын маалымдоо каражаттарын чагылдыруу боюнча башкаруу кеңешинин директору Жон Лансинг: "Жаңы кабыл алынган мыйзам Орусиядагы маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн чектейт", - деди. Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча өкүлү Майя Косьянчич аталган мыйзамды "сөз эркиндигине болгон кысым" деп атаган.

Орусия бул мыйзам АКШнын орус журналисттерине карата кабыл алган чечимине жооп катары кабыл алынганын айтууда. Буга чейин АКШнын Юстиция министрлиги орус мамлекеттик телеканалынын Америкадагы филиалын "чет элдик агент" деп атап, кара тизмеге киргизген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: